《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية * - 译解目录

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

含义的翻译 章: 阿拜萨   段:

Абаса

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ
(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1]
[1] Сүрөнүн түшүү себеби төмөндөгүчө: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.
阿拉伯语经注:
أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ
алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.
阿拉伯语经注:
وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ
(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!
阿拉伯语经注:
أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ
Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!
阿拉伯语经注:
أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ
Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
阿拉伯语经注:
فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ
сен ошо(лор)го бурулуп алдың!
阿拉伯语经注:
وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ
(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.
阿拉伯语经注:
وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ
Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…
阿拉伯语经注:
وَهُوَ يَخۡشَىٰ
(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.
阿拉伯语经注:
فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ
Сен андан алагды болуп калдың!
阿拉伯语经注:
كَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٞ
Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.
阿拉伯语经注:
فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ
Ким кааласа – аны эскерет.[1]
[1] Кийинки аяттарда Аллах таала бул аяттардын кадырын, пакизалыгын жана улуулугун баяндайт.
阿拉伯语经注:
فِي صُحُفٖ مُّكَرَّمَةٖ
(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,
阿拉伯语经注:
مَّرۡفُوعَةٖ مُّطَهَّرَةِۭ
(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.
阿拉伯语经注:
بِأَيۡدِي سَفَرَةٖ
(Жана) периштелердин колунда.
阿拉伯语经注:
كِرَامِۭ بَرَرَةٖ
(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
阿拉伯语经注:
قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ
Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!
阿拉伯语经注:
مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ
Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!
阿拉伯语经注:
مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ
Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ
Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди.
[1] Дүйнө – тиричилик жолдорун оңой-жеңил кылды. Ал эми, кааласа диний багытта эң оңой, эң жеңил дин менен Аллахтын ыраазычылыгын таба турган кылды.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ
Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ
Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.
阿拉伯语经注:
كَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ
Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!
阿拉伯语经注:
فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ
Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1]
[1] Кайдан келди алар?! Кантип жаралды?! Өзү жаратып алдыбы?! Жок! Бардыгы Аллахтын нээматтары!
阿拉伯语经注:
أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبّٗا
Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!
阿拉伯语经注:
ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقّٗا
Андан соң жерди жарып,
阿拉伯语经注:
فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبّٗا
(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:
阿拉伯语经注:
وَعِنَبٗا وَقَضۡبٗا
жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,
阿拉伯语经注:
وَزَيۡتُونٗا وَنَخۡلٗا
зайтундарды, курмаларды,
阿拉伯语经注:
وَحَدَآئِقَ غُلۡبٗا
коюу бактарды,
阿拉伯语经注:
وَفَٰكِهَةٗ وَأَبّٗا
мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.
阿拉伯语经注:
مَّتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ
Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.
阿拉伯语经注:
فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ
Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,
阿拉伯语经注:
يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ
Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.
阿拉伯语经注:
وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ
Апасы менен атасынан дагы.
阿拉伯语经注:
وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ
Аялы менен балдарынан дагы!
阿拉伯语经注:
لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ
(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!
阿拉伯语经注:
وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ مُّسۡفِرَةٞ
Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,
阿拉伯语经注:
ضَاحِكَةٞ مُّسۡتَبۡشِرَةٞ
күлүп-жайнап, кубанычтуу!
阿拉伯语经注:
وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ
(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,
阿拉伯语经注:
تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ
караңгылык ороп алат!
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ
Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1]
[1] Алар Раббиси канчалык нээмат – жакшылык берсе да шүгүр кылбай, кайра Аллахтын жолуна каршы чыгышты! Аллах бардыгыбызды ушундай каапырлыктан сактасын!
阿拉伯语经注:
 
含义的翻译 章: 阿拜萨
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية - 译解目录

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

关闭