Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 舍尔拉仪   段:
قَالَ فَعَلۡتُهَآ إِذٗا وَأَنَا۠ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ
Муса моюнга алып Фараонго айтты: «Мен ал адамды билбестиктен өлтүрүп алганым мага вахий келгенге чейин болгон.
阿拉伯语经注:
فَفَرَرۡتُ مِنكُمۡ لَمَّا خِفۡتُكُمۡ فَوَهَبَ لِي رَبِّي حُكۡمٗا وَجَعَلَنِي مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Мен аны өлтүрүп алгандан кийин силер ал үчүн мени өлтүрөсүңөр деп Мадиянга качтым. Анан Аллах мага илим берди жана адамдарга жиберген пайгамбарларынан кылды.
阿拉伯语经注:
وَتِلۡكَ نِعۡمَةٞ تَمُنُّهَا عَلَيَّ أَنۡ عَبَّدتَّ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Мени Исраил урпактары менен кошо кул кылбастан өз тарбияңа алганың – чындап эле мага кылган жакшылыгың. Бирок бул нерсе мен сени ыйманга чакыруудан тоспойт».
阿拉伯语经注:
قَالَ فِرۡعَوۡنُ وَمَا رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Фараон Мусага айтты: «Сен элчисимин деп ойлоп жаткан ааламдардын Раббиси деген эмне?».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ
Муса Фараонго жооп кылып: «Ааламдардын Раббиси – ал асмандар менен жердин Раббиси жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси, эгер силер Аны ошолордун Раббиси деп ишенсеңер, анда жалгыз Ага гана сыйынгыла!» – деп айтты.
阿拉伯语经注:
قَالَ لِمَنۡ حَوۡلَهُۥٓ أَلَا تَسۡتَمِعُونَ
Фараон өзүнүн айланасындагы эл башчыларына айтты: «Мусанын берген жообун уктуңарбы? Бул анык эле жалган сөз!».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Муса аларга айтты: «Аллах силердин Раббиңер жана мурунку ата-бабаларыңардын Раббиси».
阿拉伯语经注:
قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ ٱلَّذِيٓ أُرۡسِلَ إِلَيۡكُمۡ لَمَجۡنُونٞ
Фараон айтты: «Чындыгында силерге элчи болуп жиберилдим деп ойлоп жаткан адам анык эле жинди, ал кантип жооп беришти билбейт жана өзүнүн акылы жетпеген нерсени айтып жатат».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُمۡ تَعۡقِلُونَ
Муса айтты: «Мен силерди чакырып жаткан Аллах – Ал чыгыштын Раббиси, батыштын Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси, эгер силер акылыңарды иштеткен болсоңор».
阿拉伯语经注:
قَالَ لَئِنِ ٱتَّخَذۡتَ إِلَٰهًا غَيۡرِي لَأَجۡعَلَنَّكَ مِنَ ٱلۡمَسۡجُونِينَ
Фараон Мусага каршы жооп таппай калганда мындай деди: «Эгерде сен менден башка кудайга сыйына турган болсоң, мен сени сөзсүз абактагы адамдарга кошом».
阿拉伯语经注:
قَالَ أَوَلَوۡ جِئۡتُكَ بِشَيۡءٖ مُّبِينٖ
Муса (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы болсун) Фараонго айтты: «Эгер мен сага Аллах тараптан алып келген нерседе чынчылдыгымды далилдеген нерсени алып келсем да мени абактагыларга кошосуңбу?».
阿拉伯语经注:
قَالَ فَأۡتِ بِهِۦٓ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Ал айтты: «Кана, сен айтып жаткан, чынчылдыгыңа далил болгон нерсени алып келчи, эгер айтып жаткан сөздөрүңдө чынчыл болсоң».
阿拉伯语经注:
فَأَلۡقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِيَ ثُعۡبَانٞ مُّبِينٞ
Ошондо Муса таягын жерге таштады. Ал күтүлбөгөн жерден көз көрүнө чоң жыланга айланды.
阿拉伯语经注:
وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِيَ بَيۡضَآءُ لِلنَّٰظِرِينَ
Жана ал эч кандай агы жок колун чөнтөгүнө салып кайра чыгарганда ал ала оорусунун агындай эмес нурдуу аппак болуп чыкты. Аны карап тургандар да көрүштү.
阿拉伯语经注:
قَالَ لِلۡمَلَإِ حَوۡلَهُۥٓ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٌ عَلِيمٞ
Фараон айланасындагы эл башчыларга айтты: «Чындыгында бул адам сыйкырчылыкты абдан билген сыйкырчы.
阿拉伯语经注:
يُرِيدُ أَن يُخۡرِجَكُم مِّنۡ أَرۡضِكُم بِسِحۡرِهِۦ فَمَاذَا تَأۡمُرُونَ
Ал сыйкыры менен силерди өз жериңерден чыгарууну каалап жатат. Кана, оюңарды айткылачы, буга кандай чара көрөлү?».
阿拉伯语经注:
قَالُوٓاْ أَرۡجِهۡ وَأَخَاهُ وَٱبۡعَثۡ فِي ٱلۡمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ
Алар ага айтышты: «Аны менен бир тууганына убакыт бер, аларды жазалаганга шашылбай тур жана сыйкырчыларды чогултуп келгенге Мисирдин шаарларына чабармандарды жибер.
阿拉伯语经注:
يَأۡتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٖ
Алар (чабармандар) сага сыйкырчылыкты мыкты билген сыйкырчыларды алып келишсин».
阿拉伯语经注:
فَجُمِعَ ٱلسَّحَرَةُ لِمِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ
Кийин убадалашкан жайда, белгиленген убакта Фараон Муса менен күч сынаштыруу үчүн сыйкырчыларды чогултту.
阿拉伯语经注:
وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلۡ أَنتُم مُّجۡتَمِعُونَ
Адамдарга айтылды: «Кимиси жеңүүчү болорун көрүш үчүн чогулдуңарбы, Мусабы же сыйкырчыларбы?
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• أخطاء الداعية السابقة والنعم التي عليه لا تعني عدم دعوته لمن أخطأ بحقه أو أنعم عليه.
Ыйманга чакыруучунун мурунку катачылыктары жана анын жакшылыкта болушу – анын акысында катачылык кетирген адамга же жакшылык кылган адамды динге, ыйманга чакырбасын дегенди билдирбейт.

• اتخاذ الأسباب للحماية من العدو لا ينافي الإيمان والتوكل على الله.
Душмандан коргонуунун себептерин кылуу ыйманга жана Аллахка тобокел кылууга каршы келбейт.

• دلالة مخلوقات الله على ربوبيته ووحدانيته.
Аллахтын жараткандары – Анын жаратуучулугуна жана жалгыздыгына далил болот.

• ضعف الحجة سبب من أسباب ممارسة العنف.
Далилдин алсыздыгы – зордук-зомбулук көрсөтүүнүн себептеринен.

• إثارة العامة ضد أهل الدين أسلوب الطغاة.
Жалпы элди дин адамдарына каршы тукуруу – залымдардын ыкмасы.

 
含义的翻译 章: 舍尔拉仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭