Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 舍尔拉仪   段:
وَٱجۡعَل لِّي لِسَانَ صِدۡقٖ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Мени кийинки муундар алкыш-мактоо менен эскере тургандай кыл.
阿拉伯语经注:
وَٱجۡعَلۡنِي مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ
Жана мени ыймандуу пенделерин ырахаттанган бейиштеги орундардын мурасчыларынан кыл жана анда жашат.
阿拉伯语经注:
وَٱغۡفِرۡ لِأَبِيٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ
Атамды кечире көр! Чындыгында ал ширк кылганы себептүү акыйкат жолдон адашкандардан болду. Ибрахимге атасы тозок ээлеринен экендигинин кабары билингенге чейин ал ага дуба кылды. Качан ага бул нерсе анык болгондо ал андан баш тартты жана ага дуба кылбай калды.
阿拉伯语经注:
وَلَا تُخۡزِنِي يَوۡمَ يُبۡعَثُونَ
Адамдарды сурак үчүн кайра тирилткен күнү мени азап менен шерменде кылба.
阿拉伯语经注:
يَوۡمَ لَا يَنفَعُ مَالٞ وَلَا بَنُونَ
Ал күндө адамга дүйнөдө чогулткан байлыгы да, аны колдогон бала-чакасы да пайда бербейт.
阿拉伯语经注:
إِلَّا مَنۡ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلۡبٖ سَلِيمٖ
Бирок Аллахка эч кандай ширк, эки жүздүүлүк, эл көрсүндүк жана өзүнө-өзү суктануу сыяктуу нерселер болбогон таза жүрөк менен келген адамга гана пайда берет. Ал Аллах жолунда сарптаган байлыгы менен ага дуба кылган бала-чакасынын пайдасын көрөт.
阿拉伯语经注:
وَأُزۡلِفَتِ ٱلۡجَنَّةُ لِلۡمُتَّقِينَ
Бейиш Раббисинин буйруктарын аткарып жана тыйгандарын таштаган такыба адамдарга жакын келтирилди.
阿拉伯语经注:
وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِلۡغَاوِينَ
Ал эми тозок сурак майданында акыйкат динден адашкандарга көргөзүлдү.
阿拉伯语经注:
وَقِيلَ لَهُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ
Аларга айыптоо максатта айтылды: «Силер сыйынып жүргөн айкел-буттарыңар кайда калды?
阿拉伯语经注:
مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلۡ يَنصُرُونَكُمۡ أَوۡ يَنتَصِرُونَ
Аллахты таштап аларга сыйынган элеңер? Алар силерди Аллахтын азабынан куткарып жардам бере алат бекен же өздөрүнө болсо да жардам бере алат бекен?
阿拉伯语经注:
فَكُبۡكِبُواْ فِيهَا هُمۡ وَٱلۡغَاوُۥنَ
Анан алар жана аларды адаштыргандар тозокко биринин үстүнө бири ыргытылат.
阿拉伯语经注:
وَجُنُودُ إِبۡلِيسَ أَجۡمَعُونَ
Ошондой эле жин-шайтандардан болгон Иблистин жардамчыларынын бири да калбай бүт баарысы ыргытылат.
阿拉伯语经注:
قَالُواْ وَهُمۡ فِيهَا يَخۡتَصِمُونَ
Аллахтан башкага сыйынып, аларды Ага шерик кылган жана Аны таштап өздөрү сыйынгандар менен талашып-тартышкан мушриктер айтышты:
阿拉伯语经注:
تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ
«Аллахка ант болсун! Көрсө биз акыйкаттан анык адашууда болгон экенбиз.
阿拉伯语经注:
إِذۡ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Биз силерди бүт жаратылгандардын Раббисине теңеп, Ага сыйынгандай силерге сыйыныппыз.
阿拉伯语经注:
وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Бизди акыйкат жолдон күнөөкөрлөр гана адаштырды. Алар бизди Аллахтан башкага сыйынууга үгүттөшкөн.
阿拉伯语经注:
فَمَا لَنَا مِن شَٰفِعِينَ
Эми Аллахтын алдында бизди азаптан куткарууга ортомчу боло турган эч бир шапаатчы жок.
阿拉伯语经注:
وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٖ
Жана бизди коргой турган жана бизге шапаат кыла турган сүйүктүү дос да жок.
阿拉伯语经注:
فَلَوۡ أَنَّ لَنَا كَرَّةٗ فَنَكُونَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Эгерде бизге дүйнө жашоосуна кайтууга мүмкүнчүлүк берилгенде биз Аллахка ыйман келтиргендерден болмокпуз».
阿拉伯语经注:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында Ибрахимдин окуясы жана жалганчылардын акыбети тууралуу бул айтылгандарда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу.
阿拉伯语经注:
كَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوحٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Нухтун коому да аны жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды да жалганга чыгарышты.
阿拉伯语经注:
إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде аларга тектеш тууганы Салих минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!".
阿拉伯语经注:
إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага вахий кылганга эч нерсени кошпогон жана кемитпеген аманаткөймүн.
阿拉伯语经注:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
阿拉伯语经注:
وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет.
阿拉伯语经注:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
阿拉伯语经注:
۞ قَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلۡأَرۡذَلُونَ
Ага эли айтты: «Эй, Нух! Биз сага ыйман келтирип жана сен алып келген нерсени ээрчип, аны аткарат бекенбиз, а сени ээрчигендер болсо төмөнкү катмардагы адамдар, алардын арасында башчылар да, кадырлуулар да жок?!».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• أهمية سلامة القلب من الأمراض كالحسد والرياء والعُجب.
Көрө албастык, эл көрсүн үчүн жана өзүнө-өзү суктануу сыяктуу оорулардан жүрөктүн таза болуусунун зарылдыгы.

• تعليق المسؤولية عن الضلال على المضلين لا تنفع الضالين.
Адашкан адамдар өздөрүнүн адашуусунун жоопкерчилигин адаштыргандардын мойнуна илүүсү аларга эч пайда бербейт.

• التكذيب برسول الله تكذيب بجميع الرسل.
Аллахтын элчисин жалганга чыгаруу – жалпы элчилерди жалганга чыгарууга барабар.

• حُسن التخلص في قصة إبراهيم من الاستطراد في ذكر القيامة ثم الرجوع إلى خاتمة القصة.
Ибрахимдин окуясын жакшы абалда баяндоо; окуя башталып ортологондо кыяматтын абалдары айтылып, кайра окуяга кайтып анын аягына чыгуусу.

 
含义的翻译 章: 舍尔拉仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭