Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 阿里欧姆拉尼   段:
قُلۡ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَمَآ أُنزِلَ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ وَٱلۡأَسۡبَاطِ وَمَآ أُوتِيَ مُوسَىٰ وَعِيسَىٰ وَٱلنَّبِيُّونَ مِن رَّبِّهِمۡ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّنۡهُمۡ وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахты кудай деп ыйман келтирдик, Анын бизге буйруган нерселерине моюн сундук, бизге түшүргөн вахийине, ошондой эле Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка жана Якубга түшүргөн нерселерге, Якубдун балдарынан болгон пайгамбарларга түшүргөн нерселерге, Мусага, Исага жана бардык пайгамбарларга Раббисинен түшкөн китептерге жана аят-белгилерге ыйман келтирдик. Биз алардын бирине ыйман келтирип, бирине каапырлык кылып, аларды бөлүп-жарбайбыз. Биз бир гана Аллахка ээрчийбиз жана Ага багынабыз».
阿拉伯语经注:
وَمَن يَبۡتَغِ غَيۡرَ ٱلۡإِسۡلَٰمِ دِينٗا فَلَن يُقۡبَلَ مِنۡهُ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Ал эми ким Аллах Өзү ыраазы болгон Исламдан башка динди кааласа, Аллах андан аны кабыл албайт жана ал акыретте тозокко кирүү менен өздөрүнө зыян келтиргендердин катарында болот.
阿拉伯语经注:
كَيۡفَ يَهۡدِي ٱللَّهُ قَوۡمٗا كَفَرُواْ بَعۡدَ إِيمَٰنِهِمۡ وَشَهِدُوٓاْ أَنَّ ٱلرَّسُولَ حَقّٞ وَجَآءَهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллахка ыйман келтирип, Мухаммад пайгамбар алып келген нерсе акыйкат экендигине күбөлүк берип жана анын тууралыгына ачык-айкын далилдер келгенден кийин кайра каапырлык кылган коомго Аллах Өзүнө жана элчисине ыйман келтирүүгө кантип ийгилик берсин?! Аллах туура жолдун ордуна адашууну тандап алган залым коомду Ага ыйман келтирүүгө ийгилик бербейт.
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ جَزَآؤُهُمۡ أَنَّ عَلَيۡهِمۡ لَعۡنَةَ ٱللَّهِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ
Жалганды тандап алган залымдардын жазасы – аларга Аллахтын, периштелердин жана бүткүл адамдардын каргышы болот. Алар Аллахтын ырайымынан куулуп, алыстатылгандар.
阿拉伯语经注:
خَٰلِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Алар тозокто түбөлүк калышат, андан чыгышпайт, азаптары жеңилдетилбейт жана аларга тообо кылып, кечирим суроо үчүн мөөнөт берилбейт.
阿拉伯语经注:
إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Бирок каапырлык жана зулумдук кылгандан кийин Аллахка кайткандар жана жакшылык иштерди кылгандар гана андайга кабылбайт. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بَعۡدَ إِيمَٰنِهِمۡ ثُمَّ ٱزۡدَادُواْ كُفۡرٗا لَّن تُقۡبَلَ تَوۡبَتُهُمۡ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلضَّآلُّونَ
Ыйман келтиргенден кийин каапыр болгондор жана өлүмдү өз көзү менен көргөнгө чейин каапырлыгын уланткандар, өлүм келген кезде тооболору кабыл кылынбайт, себеби анын убактысы өтүп кетти. Мына ошолор Аллах таалага алып баруучу туура жолдон адашкандар.
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَمَاتُواْ وَهُمۡ كُفَّارٞ فَلَن يُقۡبَلَ مِنۡ أَحَدِهِم مِّلۡءُ ٱلۡأَرۡضِ ذَهَبٗا وَلَوِ ٱفۡتَدَىٰ بِهِۦٓۗ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Ал эми каапырлык кылып жүрүп ошол абалда өлгөндөр, тозоктон кутулуш үчүн жердин салмагындай алтынды сунуш кылса да кабыл кылынбайт. Аларга кыйноочу азап бар жана кыяматта аларды азаптан куткарган жардамчылар болбойт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• يجب الإيمان بجميع الأنبياء الذين أرسلهم الله تعالى، وجميع ما أنزل عليهم من الكتب، دون تفريق بينهم.
Аллах таала жиберген бардык пайгамбарларга жана аларга түшүргөн бардык китептерге бири-биринен ажыратпастан ыйман келтирүү милдет.

• لا يقبل الله تعالى من أحد دينًا أيًّا كان بعد بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم إلا الإسلام الذي جاء به.
Аллах таала Мухаммад пайгамбар жиберилгенден кийин ал алып келген Исламдан башка кайсы дин болбосун, эч кимден кабыл кылбайт.

• مَنْ أصر على الضلال، واستمر عليه، فقد يعاقبه الله بعدم توفيقه إلى التوبة والهداية.
Ким адашуудан баш тартпай, аны уланта берсе, Аллах ага тообо кылууга жана туура жолго түшүүгө ийгилик бербей жазалайт.

• باب التوبة مفتوح للعبد ما لم يحضره الموت، أو تشرق الشمس من مغربها، فعندئذ لا تُقْبل منه التوبة.
Өлүм келгенге чейин же Күн батыштан чыкканга чейин пенде үчүн тообо эшиги ачык. Ушул учурларда гана анын тообосу кабыл кылынбайт.

• لا ينجي المرء يوم القيامة من عذاب النار إلا عمله الصالح، وأما المال فلو كان ملء الأرض لم ينفعه شيئًا.
Кыямат күнү пендени тозок азабынан жакшылык иштери гана куткарат. Ал эми байлыгы жер бети толо болсо да эч пайдасы тийбейт.

 
含义的翻译 章: 阿里欧姆拉尼
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭