Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 阿里欧姆拉尼   段:
۞ وَسَارِعُوٓاْ إِلَىٰ مَغۡفِرَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ وَجَنَّةٍ عَرۡضُهَا ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ أُعِدَّتۡ لِلۡمُتَّقِينَ
Ибадаттын түрлөрүн аткаруу менен Аллахка жакындоого, жакылыктарды жасоого шашылгыла; Аллахтын кенен кечиримине жетүүңөр үчүн жана чоңдугу асман-жердебейишке кирүүңөр үчүн, аны Аллах Таала такыба пенделерине даярдаган
阿拉伯语经注:
ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ فِي ٱلسَّرَّآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَٱلۡكَٰظِمِينَ ٱلۡغَيۡظَ وَٱلۡعَافِينَ عَنِ ٱلنَّاسِۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Чыныгы такыбалар, булар барчылыкта да, жокчулукта да Аллах жолунда садага берген, өч алууга күчү жетип туруп ачуусун жуткан, зыянын тийгизген адамдарды кечирип жиберген адамдар. Мына ушундай ахлактагы адамдарды Аллах Таала жакшы көрөт
阿拉伯语经注:
وَٱلَّذِينَ إِذَا فَعَلُواْ فَٰحِشَةً أَوۡ ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ ذَكَرُواْ ٱللَّهَ فَٱسۡتَغۡفَرُواْ لِذُنُوبِهِمۡ وَمَن يَغۡفِرُ ٱلذُّنُوبَ إِلَّا ٱللَّهُ وَلَمۡ يُصِرُّواْ عَلَىٰ مَا فَعَلُواْ وَهُمۡ يَعۡلَمُونَ
Булар кокустан чоң күнөө кылып алышса, же майда күнөөлөрдү жасаса, Аллахты эстеп, Анын күнөөкөрлөргө убада кылган азабын эстеп, такыбаларга убада кылган жыргалды эстеп, кылганына өкүнүп, дароо Аллахтан күнөөлөрүн жашырууну жана кечирүүнү суранып тобо кылышат. Анткени, күнөөнү Жалгыз Аллахтан башка ким кечирмек эле. Булар күнөө кылганын жана Аллах Таала бардык күнөөлөрдү кечирүүчү экенин билип туруп, күнөөсүн кайра-кайра уланта бербейт.
阿拉伯语经注:
أُوْلَٰٓئِكَ جَزَآؤُهُم مَّغۡفِرَةٞ مِّن رَّبِّهِمۡ وَجَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَنِعۡمَ أَجۡرُ ٱلۡعَٰمِلِينَ
Ушундай мактоого татыктуу сыпаттар менен сыпатталгандар, алардын сооп-сыйы Аллах алардын күнөөсүн жашырат жана кечирет, алар үчүн акыретте ак сарайлардын астынан дарыялары агып турган бейиш бар. Анда түбөлүк турушат. Бул Аллахка баш ийип амал кылуучуларга берилген кандай сонун нээмат
阿拉伯语经注:
قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِكُمۡ سُنَنٞ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ
Момундар Ухуд күнү башына иш түшүп сыналганда, Аллах Таала алардын көңүлүн тынчытып мындай деди: Силерден мурдагы доорлордо да каапырларды кыйраткан учурлар болгон, сыноодон кийин момундарга акыбети берилген. Жер бетин карап, Аллахка жана Анын элчисине жалганчы болгондордун абалы кандай болгонуна, жашаган жерлери аңгырап бош калып, жыйган мүлкү тыптыйпыл болуп кеткенине этибар бергиле
阿拉伯语经注:
هَٰذَا بَيَانٞ لِّلنَّاسِ وَهُدٗى وَمَوۡعِظَةٞ لِّلۡمُتَّقِينَ
Бул Касиеттүү Куран жалпы адамдарга чындыкты баяндоочу, жалганды эскертүүчү, туура жолго багытоочу жана такыбаларга насаатчы. Анткени, мындан пайдалануучулар туура жолго багыт алат
阿拉伯语经注:
وَلَا تَهِنُواْ وَلَا تَحۡزَنُواْ وَأَنتُمُ ٱلۡأَعۡلَوۡنَ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Оо, ыймандуулар, Ухуд күнүндө болгон ишке өкүнбөгүлө жана алсырабагыла, мындай кылуу силерге ылайык эмес. Силер эгер Аллахка жана Анын ыймандууларга берген убадаларына ишенсеңер, ыйманыңар менен, Аллахтын жардамы менен жана Анын жардамын үмүт кылуу менен ар дайым жогору болосуңар
阿拉伯语经注:
إِن يَمۡسَسۡكُمۡ قَرۡحٞ فَقَدۡ مَسَّ ٱلۡقَوۡمَ قَرۡحٞ مِّثۡلُهُۥۚ وَتِلۡكَ ٱلۡأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيۡنَ ٱلنَّاسِ وَلِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَيَتَّخِذَ مِنكُمۡ شُهَدَآءَۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, ыймандуулар, Ухуд күнү силерде өлүм, жаракат көоп болсо, Бадрда каапырларга ушундай болгон. Аллах Таала мындай күндөрдү момундарга да, каапырларга да кээде кааласа жеңдирип кааласа, жеңилдирип айланта берет, муну көп сыры бар; анын бири: чыныгы ыймандууларды мунафыктардан айырмалоо, дагы бири, каалаган адамын шейиттик менен сыйлоо. Жихадды танып өзүнө-өзү залым кылгандарды Аллах Таала жакшы көрбөйт
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الترغيب في المسارعة إلى عمل الصالحات اغتنامًا للأوقات، ومبادرة للطاعات قبل فواتها.
Убакыттын баасын билип жакшы амалдарды аткарып калууга жана убактысы өтүп кеткенче ибадат кылууга шашылуу зарыл

• من صفات المتقين التي يستحقون بها دخول الجنة: الإنفاق في كل حال، وكظم الغيظ، والعفو عن الناس، والإحسان إلى الخلق.
Такыбалардын бейишке кирүүгө себеп болгон сыпаттары: кандай абалда болсо да напака, садага берүү, ачуусун басуу, адамдарды кечирүү жана жакшылык кылуу

• النظر في أحوال الأمم السابقة من أعظم ما يورث العبرة والعظة لمن كان له قلب يعقل به.
мурдагы өткөн үммөттөрдүн абалына кароо акыл калачаган адамдарга чоң үлгү жана өрнөк болот

 
含义的翻译 章: 阿里欧姆拉尼
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭