《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - 译解目录


含义的翻译 段: (72) 章: 阿里欧姆拉尼
وَقَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ ءَامِنُواْ بِٱلَّذِيٓ أُنزِلَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَجۡهَ ٱلنَّهَارِ وَٱكۡفُرُوٓاْ ءَاخِرَهُۥ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Жөөт аалымдарынын бир тобу айтышты: «Мусулмандарга түшкөн Куранга эртең менен сыртынан ыйман келтиргиле, кечинде ага каапырлык кылгыла. Балким алар силердин ыйман келтиргенден кийин каапырлык кылганыңар себептүү: «Булар бизге караганда Аллахтын китептерин жакшыраак билгендиктен андан кайтып кетишти» – деп дининен шектенип, андан кайтып кетишет.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• من علماء أهل الكتاب من يخدع أتباع ملتهم، ولا يبين لهم الحق الذي دلت عليه كتبهم، وجاءت به رسلهم.
Китеп ээлеринин аалымдарынын арасында өз динин тутунгандарды алдап, китептери көрсөткөн жана пайгамбарлары алып келген акыйкатты аларга ачыктабагандары бар.

• من وسائل الكفار الدخول في الدين والتشكيك فيه من الداخل.
Динге кирүү жана анын ичинен шек-күмөн жаратуу – каапырлардын айла-амалдарынан.

• الله تعالى هو الوهاب المتفضل، يعطي من يشاء بفضله، ويمنع من يشاء بعدله وحكمته، ولا ينال فضله إلا بطاعته.
Ал Өзүнүн жакшылыгы менен каалаганына берет, Өзүнүн адилеттиги жана даанышмандыгы менен каалаганынан тыйып коёт. Анын жакшылыгына Ага баш ийүү менен гана жетүү мүмкүн.

• كل عِوَضٍ في الدنيا عن الإيمان بالله والوفاء بعهده - وإن كان عظيمًا - فهو قليل حقير أمام ثواب الآخرة ومنازلها.
Аллахка ыйман келтирүүнүн жана Аны менен болгон келишимди аткаруунун ордуна берилген бул дүйнөдөгү ар бир сыйлык канчалык чоң болбосун, акыретте жана андагы орундар үчүн берилген сыйлыктардын алдында эч нерсеге татыбайт.

 
含义的翻译 段: (72) 章: 阿里欧姆拉尼
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - 译解目录

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

关闭