Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 艾奈尔姆   段:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلۡحَبِّ وَٱلنَّوَىٰۖ يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَمُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتِ مِنَ ٱلۡحَيِّۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
Чынында, үрөөндү өндүрүп, андан эгин чыгарган жалгыз Аллах. Данекти жарып, андан курма, жүзүм, ж.б. дарактарды өстүргөн да жалгыз Аллах. Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат; мисалы, адам баласы да, айбанаттар да бир тамчы уруктук суудан чыккан. Ал тирүүдөн өлүктү чыгарат; мисалы, ошол уруктук суу адамдан чыгат, жумуртка тооктон чыгат. Ушунун баарын силерди жараткан Аллах жасайт. Эй, бутпарастар, Аллахтын жоктон бар кылганына күбө болуп туруп, чындыктан кантип качасыңар!?
阿拉伯语经注:
فَالِقُ ٱلۡإِصۡبَاحِ وَجَعَلَ ٱلَّيۡلَ سَكَنٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ حُسۡبَانٗاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ
Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах түндүн караңгылыгын таңдын нуру менен жарытат. Ал, күндүзү иштеп чарчаган адамдар эс алып, иш-аракеттерин токтотуусу үчүн түндү эс алуучу убак кылды. Ал, күн менен айды ченелген тагдыр менен жүрө турган кылды. Мына ушул айтылган жоктон бар кылуунун баары эч кимдин күчү жетпеген Кубаттуу Аллахтын тагдыры, Ал жараткандарын жана аларга эмне пайдалуу экенин Билүүчү.
阿拉伯语经注:
وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلنُّجُومَ لِتَهۡتَدُواْ بِهَا فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Оо, Адам, баласы, Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах силер кургакта жана деңизде сапарда жүргөндө аларды карап жол табуу үчүн асмандагы жылдыздарды жаратты. Чынында, далил, белгилерге акыл жугүртүп, андан пайда ала турган адамдар үчүн, Кудуретибизди билдирген далил, белгилерди ачык-айкын баян кылдык.
阿拉伯语经注:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ فَمُسۡتَقَرّٞ وَمُسۡتَوۡدَعٞۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَفۡقَهُونَ
Ал Кемчиликсиз, Улуу Аллах силерди бир жандан, атаңар Адамдан жараткан. Ал эми жаратылууңар атаңардын топурактан жаралуусунан башталган. Кийин андан силерди жаратты. Силерге энеңердин жатынын бышып жетилүүчу жай, атаңардын бел омурткасын сакталуучу жай кылып койду. Аллахтын сөзүнө түшүнгөн адамдар үчүн далилдерди ушиндай баян кылдык.
阿拉伯语经注:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ نَبَاتَ كُلِّ شَيۡءٖ فَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهُ خَضِرٗا نُّخۡرِجُ مِنۡهُ حَبّٗا مُّتَرَاكِبٗا وَمِنَ ٱلنَّخۡلِ مِن طَلۡعِهَا قِنۡوَانٞ دَانِيَةٞ وَجَنَّٰتٖ مِّنۡ أَعۡنَابٖ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُشۡتَبِهٗا وَغَيۡرَ مُتَشَٰبِهٍۗ ٱنظُرُوٓاْ إِلَىٰ ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثۡمَرَ وَيَنۡعِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكُمۡ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах асмандан жамгыр жаадырат. Жамгыр суусу менен өсүмдүктөрдүн бардык түрүн өстүрдүк, өсүмдүктөрдөн жапжашыл эгиндерди жана дарактарды чыгардык. Андан дандары бири-бирине жабышкан машактарды чыгарабыз. Курманын бутактарынан отурган адам да, турган адам да жетчүдөй ийилген шиңгил мөмөлөрү чыгат. Ошондой эле жүзүм бакчаларын, жалбырактары окшош бирок, мөмөлөрү ар башка зайтун жана анар бактарын чыгарабыз. Эй, адамдар, мөмөлөр эми байлаганда жана алар бышып-жетилип калганда аларга карагыла! Эй, адамдар, мында, далил, белгилерден пайда алып, Аллахка ыйман келтирген адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.
阿拉伯语经注:
وَجَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ ٱلۡجِنَّ وَخَلَقَهُمۡۖ وَخَرَقُواْ لَهُۥ بَنِينَ وَبَنَٰتِۭ بِغَيۡرِ عِلۡمٖۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَصِفُونَ
Бутпарастар пайда-зыяны тиет деген ишеними менен ибадат кылган учурда жиндерди Аллахка шерик кылышты. Чынында, аларды да Аллах жараткан, Андан башка эч ким жараткан эмес. Ошон үчүн ибадат кылууга бир гана Аллах ылайыктуу. Жөөттөр Узайрды, христиандар Исаны Аллахтын баласы деп, бутпарастар периштелерди Аллахтын кыздары деген сыяктуу Аллахка уул-кызды таңуулашты. Аллах жалган ишенимдегилер сыпаттаган сыпаттардын баарынан Аруу жана Бийик.
阿拉伯语经注:
بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُۥ وَلَدٞ وَلَمۡ تَكُن لَّهُۥ صَٰحِبَةٞۖ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
Ал, Кемчиликсиз, Улуу Аллах муда болбогон сүрөттөгү асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Анын аялы болбосо, кантип баласы болсун!? Ал чынында, бардык нерсени жараткан, Ал бардык нерсени Билүүчү, Ага эч нерсе жашырууну эмес.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الاستدلال ببرهان الخلق والرزق (تخليق النبات ونموه وتحول شكله وحجمه ونزول المطر) وببرهان الحركة (حركة الأفلاك وانتظام سيرها وانضباطها)؛ وكلاهما ظاهر مشاهَد - على انفراد الله سبحانه وتعالى بالربوبية واستحقاق الألوهية.
Жаратууну жана ырыскы берүүнү (өсүмдүктөрдүн жаралуусу, өсүүсү, түрүнүн, формасынын өзгөрүүсү, жамгырдын жаашы ж.б.) ошондой эле кыймылды (асман мейкиндигиндеги кыймылдарды, планеталардын жүрүшү ж.б.) далил кылганы, бул экөө тең Аллах Тааланын жаратуучулукта жана ибадат кылууда жалгыз татыктуу Зат экенине ачык-айкын далил.

• بيان ضلال وسخف عقول المشركين في عبادتهم للجن.
Жиндерге ибадат кылган бутпарастардын кем акылдыгы жана адашуусу айтылды.

 
含义的翻译 章: 艾奈尔姆
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭