Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 艾奈尔姆   段:
ذَٰلِكَ أَن لَّمۡ يَكُن رَّبُّكَ مُهۡلِكَ ٱلۡقُرَىٰ بِظُلۡمٖ وَأَهۡلُهَا غَٰفِلُونَ
Инсандарга жана жиндерге элчилерди жиберүүнүн сыры, элчи жөнөтпөй, дааватын жеткирбей туруп эч кимди азаптабагандыгында, эч бир үммөттү элчилерин жиберип эскертмейинче азаптаган эмес.
阿拉伯语经注:
وَلِكُلّٖ دَرَجَٰتٞ مِّمَّا عَمِلُواْۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا يَعۡمَلُونَ
Алардын ар биринин ишине жараша даражасы болот. Жамандыгы көп адам менен жамандыгы азы бирдей болбойт. Ээрчүүчү менен ээрчиген бирдей болбойт. Ошондой эле, жакшы иштерди кылуучулардын сооптору да бирдей болбойт. Раббиң алардын эмне иш кылганынан кабарсыз эмес, Ал баарынан кабардар, Ага эч нерсе жашыруун эмес. Эми баарын кылган иштерине жараша жазалайт.
阿拉伯语经注:
وَرَبُّكَ ٱلۡغَنِيُّ ذُو ٱلرَّحۡمَةِۚ إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ وَيَسۡتَخۡلِفۡ مِنۢ بَعۡدِكُم مَّا يَشَآءُ كَمَآ أَنشَأَكُم مِّن ذُرِّيَّةِ قَوۡمٍ ءَاخَرِينَ
Оо, элчи, Раббиң пенделерине муктаж эмес, алардын ибадатына да муктаж эмес. Алардын каапырлыгы Ага зыянын тийгизбейт. Аларга муктаж болбогонуна карабай, аларга мээримдүү. Эй, күнөөкөр пенделер, эгер силердин жок болууңарды кааласа, Өзүнүн бир азабын жиберип коёт. Силерди жок кылгандан кийин өзүнө ыйман келтирип,баш ийген элди пайда кылат. Силерди да өзүңөрдөн мурдагы коомдун урук-насилинен ушинтип пайда кылган.
阿拉伯语经注:
إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَأٓتٖۖ وَمَآ أَنتُم بِمُعۡجِزِينَ
Эй, каапырлар, убада кылынган кайра тирилүү, чогулуу, эсеп берүү жана азап чегүү сөзсүз болот. Раббиңерден эч качып кутула албайсыңар, Ал силерди качырбайт жана азабы менен азаптайт.
阿拉伯语经注:
قُلۡ يَٰقَوۡمِ ٱعۡمَلُواْ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمۡ إِنِّي عَامِلٞۖ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ مَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Оо, элчи, аларга айт: Эй, коомум, каапырлык жана адашууда жүргөн жолуңарда бекем тура бергиле, мен силерге ачык-айкын далилдерди жеткирип озуйпамдан кутулдум. Силердин каапырлыгыңарга жана адашууңарга көңүл буруучу эмесмин. Мен эми өзүм турган чындык жолунда журө берем.Эми кимге жер бетинде жардам болорун, жер кимге мурас каларын, кимге акыретте жеңиш болорун билесиңер. Бутпарастар жерде да, акыретте да жеңишке жетишпейт, алардын акыбети өкүнүч болот.
阿拉伯语经注:
وَجَعَلُواْ لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ ٱلۡحَرۡثِ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ نَصِيبٗا فَقَالُواْ هَٰذَا لِلَّهِ بِزَعۡمِهِمۡ وَهَٰذَا لِشُرَكَآئِنَاۖ فَمَا كَانَ لِشُرَكَآئِهِمۡ فَلَا يَصِلُ إِلَى ٱللَّهِۖ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَىٰ شُرَكَآئِهِمۡۗ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ
Бутпарастар Аллах жараткан эгиндерден, мал-жандыктардан Аллахка бөлүштүрүп, буга чейин болбогон ишти башташты. Бөлгөн нерселеринин бир болүгүн Аллахка, бир бөлүгүн өздөрү ибадат кылган бут-айкелдерге деп ойлошту. Өздөрүнүн бут-айкелдерине деп бөлгөн бөлүктү, Аллахка деп бөлгөн бөлүккө б.а. Аллах шариятта буйруган кедей-кембагалдарга иштетилчү бөлүгүнө такыр аралаштырышпады. Ал эми Аллахка деген бөлүктү өздөрүнүн айкелдерине бөлгөн бөлүккө каалагандай арылаштырышты. Бул кандай жаман бөлүштүрүү жана өкүм!
阿拉伯语经注:
وَكَذَٰلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٖ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ قَتۡلَ أَوۡلَٰدِهِمۡ شُرَكَآؤُهُمۡ لِيُرۡدُوهُمۡ وَلِيَلۡبِسُواْ عَلَيۡهِمۡ دِينَهُمۡۖ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا فَعَلُوهُۖ فَذَرۡهُمۡ وَمَا يَفۡتَرُونَ
Шайтан мына ушул жаман өкүмдү бутпарастарга кооз кылып көрсөткөн сыяктуу, бутпарастардын шайтандардан болгон шериктери аларга кедейликтен коркуп балдарын өлтүрүүнү кооз көрсөттү. Аллах тыюу салган адам өлтүрүү ишине кадам таштатуу үчүн жана кайсы шариат, кайсы шариат эмес экенин билбей, диндерин аралаштырып алуусу үчүн ушундай кылды. Эгер Аллах алардын андай кылбоосун каалаганда, андай кылышпайт эле. Бирок, Өзүнүн чексиз даанышмандыгы менен Аллах ушуну каалады. Эй, элчи, бутпарастарды Аллахка жапкан жалган жалаалары менен таштап кой, бул сага зыянын тийгизбейт, алардын ишин Аллахка тапшыр.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• تفاوت مراتب الخلق في أعمال المعاصي والطاعات يوجب تفاوت مراتبهم في درجات العقاب والثواب.
Күнөө жана соптуу иштер ар түрдүү болгондуктан, алардын жазасы жана сыйы да ар түрдүү болот

• اتباع الشيطان موجب لانحراف الفطرة حتى تصل لاستحسان القبيح مثل قتل الأولاد ومساواة أصنامهم بالله سبحانه وتعالى.
Шайтанды ээрчүү таза ишенимдин бузулуусуна алып келип, балдарды өлтүрүү, буттарды Кемчиликсиз Улуу Аллахка теңөө сыяктуу иштер жакшы көрүнө турган даражага жеткирет.

 
含义的翻译 章: 艾奈尔姆
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭