Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 哈格   段:
وَجَآءَ فِرۡعَوۡنُ وَمَن قَبۡلَهُۥ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتُ بِٱلۡخَاطِئَةِ
Фараон жана андан мурунку коомдор жана жер астын-үстүн болуп азапталган Луттун коомунун шаары ширк жана күнөөлөрдү кылуу сыяктуу туура эмес иштерди жасашты.
阿拉伯语经注:
فَعَصَوۡاْ رَسُولَ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَهُمۡ أَخۡذَةٗ رَّابِيَةً
Алардын баарысы аларга жиберилген пайгамбарына каршы чыгышты жана аны жалганга чыгарышты. Ошондо Аллах аларды түбүнө жете тургандай деңгээлде ашыкча күч менен кармады.
阿拉伯语经注:
إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلۡمَآءُ حَمَلۡنَٰكُمۡ فِي ٱلۡجَارِيَةِ
Суу көтөрүлүп чектен ашканда, Биз Өз буйругубуз менен силерди белдеринде көтөрүп жүргөн адамдарды Нух жасаган сүзүүчү кемеге салдык, алар силерди көтүүрүлөр болду.
阿拉伯语经注:
لِنَجۡعَلَهَا لَكُمۡ تَذۡكِرَةٗ وَتَعِيَهَآ أُذُنٞ وَٰعِيَةٞ
Биз ал кемени жана анын окуясын каапырлардын жок кылынышына жана ыймандуулардын куткарылышына далил болсун деп жана аны куйма кулак адам укканда жаттап алсын деп сабак кылдык.
阿拉伯语经注:
فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٞ وَٰحِدَةٞ
Сурнай тартууга жоопкер болгон периште бир жолу үйлөгөндө, (ал сурнайдын экинчи жолу тартылуусу)
阿拉伯语经注:
وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةٗ وَٰحِدَةٗ
Жер менен тоолор көтөрүлөт жана алар бир жолу катуу быркырап талкаланып, жер менен тоолордун бөлүкчөлөрүн бөлүп салат.
阿拉伯语经注:
فَيَوۡمَئِذٖ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ
Ушулардын баары болгон күнү кыямат болот.
阿拉伯语经注:
وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٖ وَاهِيَةٞ
Ал күндө периштелер түшүү үчүн асман ачылат. Ошол күнү ал алсыз болот, ага чейин бекем жана кубаттуу эле.
阿拉伯语经注:
وَٱلۡمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرۡجَآئِهَاۚ وَيَحۡمِلُ عَرۡشَ رَبِّكَ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ ثَمَٰنِيَةٞ
Ал эми анын чет жакаларында периштелер болот. Ошол улуу күндө Раббиңдин Аршын сегиз жакын периштелери көтөрөт.
阿拉伯语经注:
يَوۡمَئِذٖ تُعۡرَضُونَ لَا تَخۡفَىٰ مِنكُمۡ خَافِيَةٞ
Оо, адамдар! Ошол күндө Аллахтын алдына турасыңар. Силерде кандай гана сыр болбосун, ал Аллахка жашыруун калбайт. Тескерисинче, Аллах аны Билүүчү жана Кабардар.
阿拉伯语经注:
فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ
Кимге иш-аракеттери жазылган китеби оң тарабынан берилсе, ал сүйүнгөнүнөн мындай деп айтат: «Мынакей! Менин иш-аракеттер жазылган китебимди алып окугула.
阿拉伯语经注:
إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ
Мен дүйнөдө кайра тирилеримди жана сыйлыгыма жолугарымды анык билчүмүн».
阿拉伯语经注:
فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ
Ал түбөлүк жыргалчылыкты көргөндө көңүлдөгүдөй жашоодо болот.
阿拉伯语经注:
فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٖ
Орду жана даражасы бийик бейиште болот.
阿拉伯语经注:
قُطُوفُهَا دَانِيَةٞ
Анын мөмө-жемиштери аны үзүүчүгө жакын болот.
阿拉伯语经注:
كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ
Аларга сый-урмат катары: «Дүйнөдөгү өткөн күндөрдө кылган жакшылык иштериңер себептүү эч кандай зыян тартпастан жегиле жана ичкиле» – деп айтылат.
阿拉伯语经注:
وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ
Ал эми кимге иш-аракеттери жазылган китеби сол тарабынан берилсе, анда ал катуу өкүнүчтөн мындай деп айтат: «Аттиң-ай, мага амал китебим берилбей эле койсо экен. Ал жакта мени азапка татыктуу кылган жамандык иштерим бар.
阿拉伯语经注:
وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ
Аттиң-ай, сурагым кандай болорун билбей калсам экен.
阿拉伯语经注:
يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ
Аттиң, мен өлгөн өлүм, андан кийин кайра тирилүү болбогон өлүм болуп калса кана!
阿拉伯语经注:
مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ
Мал-мүлкүм мени Аллахтын азабынан эч коргой албады.
阿拉伯语经注:
هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ
Эч кандай далилим калбады жана мен таянган күч-кубат да, кадыр-барк да жок болду».
阿拉伯语经注:
خُذُوهُ فَغُلُّوهُ
Ага айтылат: «Эй, периштелер! Аны кармагыла да, колун мойнуна байлагыла.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ
Анан аны тозокко киргизгиле, ал анын ысыктык азабын тартсын.
阿拉伯语经注:
ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٖ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعٗا فَٱسۡلُكُوهُ
Андан соң узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга киргизгиле».
阿拉伯语经注:
إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ
Анткени ал улуу Аллахка ыйман келтирген жок.
阿拉伯语经注:
وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ
Башкаларды бей-бечарага тамак берүүгө чакырган жок.
阿拉伯语经注:
فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٞ
Эми кыямат күнү аны азаптан коргогон жакыны болбойт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• المِنَّة التي على الوالد مِنَّة على الولد تستوجب الشكر.
Атага берилген жакшылык – балага берилген жакшылык болуп эсептелет. Ал үчүн шүгүр келтирүү керек.

• إطعام الفقير والحض عليه من أسباب الوقاية من عذاب النار.
Бей-бечарага тамак берүү жана ошол ишке чакыруу – тозок азабынан сактаган себептерден.

• شدة عذاب يوم القيامة تستوجب التوقي منه بالإيمان والعمل الصالح.
Кыямат күндөгү азаптын катаалдыгы ыйман жана жакшылык иштер менен коргонууну талап кылат.

 
含义的翻译 章: 哈格
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭