Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah   Ayah:
وَقَالَتِ ٱلۡيَهُودُ لَيۡسَتِ ٱلنَّصَٰرَىٰ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَقَالَتِ ٱلنَّصَٰرَىٰ لَيۡسَتِ ٱلۡيَهُودُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَهُمۡ يَتۡلُونَ ٱلۡكِتَٰبَۗ كَذَٰلِكَ قَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ مِثۡلَ قَوۡلِهِمۡۚ فَٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Жөөттөр: «Христиандар туура эмес динде» – дешсе, христиандар: «Жөөттөр туура эмес динде» – дешти. Алардын баарысы Аллах түшүргөн китептерди жана андагы айтылган бардык пайгамбарларга бөлүп-жарбастан ыйман келтирүү тууралуу буйрукту окушат. Алардын бул кылганы бардык пайгамбарларды жана аларга түшүрүлгөн китептерди билбестен туруп жалганга чыгарган мушриктердин сөзүнө окшош. Мына ушул себептен Аллах кыямат күнү бардык талашып-тартышкандардын ортосунда Өзү пенделерине кабар берип: «Жеңиш – Аллах таала түшүргөн бардык нерселерге ыйман келтирүү менен гана болот» – деп айткан адилеттүү өкүмү менен чечим чыгарат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن مَّنَعَ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ أَن يُذۡكَرَ فِيهَا ٱسۡمُهُۥ وَسَعَىٰ فِي خَرَابِهَآۚ أُوْلَٰٓئِكَ مَا كَانَ لَهُمۡ أَن يَدۡخُلُوهَآ إِلَّا خَآئِفِينَۚ لَهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا خِزۡيٞ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٞ
Аллахтын мечиттеринде Анын атын эскерүүдөн, ал жерде намаз окуудан, зикир кылуудан, Куран окуудан тыйган жана аны талкалап же ал жерде ибадат кылууга тыюу салуу менен анын бузулуусуна жана зыян тартуусуна болушунча аракет кылган адамдан өткөн залым адам жок. Аларды бузууга аракет кылгандар, каапырлыктары жана Аллахтын мечиттеринен тыйганы үчүн мечитке жүрөктөрү титиреп, корккон абалда гана киришет. Алар дүйнө жашоосунда мусулмандардын колунан кордук көрүшөт. Ал эми адамдарды мечиттен тыйганы үчүн алар үчүн акыретте чоң азап бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلِلَّهِ ٱلۡمَشۡرِقُ وَٱلۡمَغۡرِبُۚ فَأَيۡنَمَا تُوَلُّواْ فَثَمَّ وَجۡهُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ
Чыгыш менен батыштын жана алардын ортосундагы бийлик Аллахка гана таандык, Ал пенделерине Өзү каалаганын буйруйт. Кайсы тарапка жүздөнбөгүлө, Аллах таалага бет алган болосуңар. Ал силерди Кудуска же Каабага жүздөнүүнү буйруса же силер кыбыладан адашып калсаңар же ага жүздөнүү силерге оорчулукту жаратса, анда силерге эч кандай күнөө жок. Анткени бардык тараптар Аллахка таандык. Чындыгында Аллах Өз ырайымы жана жеңилдетүүсү менен бардык макулуктарды камтыган Кенен Зат, алардын ниеттерин жана иш-аракеттерин Билүүчү.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۖ بَل لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ كُلّٞ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ
Жөөттөр, христиандар жана мушриктер: «Аллахтын баласы бар» – дешет. Аллах мындай нерседен аруу жана ыйык, Ал макулуктарга муктаж эмес, чынында баланы ага муктаждыгы бар гана адам алат. Тескерисинче, асмандардагы жана жердеги бийлик Ага гана таандык. Бардык макулуктар Анын баш ийген кулдары. Ал аларды Өзү каалагандай башкарат.
Arabic explanations of the Qur’an:
بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ وَإِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
Аллах таала асмандар менен жерди жана андагы бардык нерселерди мурун болбогондой көрүнүштө Жаратуучу. Эгер Ал бир ишти тагдыр кылса жана аны кааласа, анда ал ишке: «Бол!» деп гана айтат, ал ошол замат Аллах каалагандай болуп калат. Анын буйругун жана өкүмүн эч ким кайтара албайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَعۡلَمُونَ لَوۡلَا يُكَلِّمُنَا ٱللَّهُ أَوۡ تَأۡتِينَآ ءَايَةٞۗ كَذَٰلِكَ قَالَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّثۡلَ قَوۡلِهِمۡۘ تَشَٰبَهَتۡ قُلُوبُهُمۡۗ قَدۡ بَيَّنَّا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يُوقِنُونَ
Китеп ээлери менен мушриктердин илимсиздери акыйкатка баш ийбей: «Эмнеге Аллах биз менен ортомчусуз сүйлөшпөйт же бизге гана таандык ачык белгини көрсөтпөйт?» – деп айтышат. Алар айткан ушул сыяктуу эле сөздү мурунку жалганчы коомдор ар башка заманда жана жерде жашаса дагы өз пайгамбарларына айтышкан. Биз аят-белгилерди акыйкатка ишенгендерге ачыктап бердик, ал аларга ачык болгон кезде алар шектенишпейт жана кежирликтери да тоскоол болбойт.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗاۖ وَلَا تُسۡـَٔلُ عَنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡجَحِيمِ
Оо, пайгамбар! Ыймандууларга бейишти сүйүнчүлөп, каапырларга тозокту эскертүүң үчүн Биз сени шек-күмөнсүз акыйкат дин менен жибердик. Сен ачык жеткирүүгө гана милдеттүүсүң. Аллах сенден ыйман келтирбеген тозок ээлери тууралуу сурабайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الكفر ملة واحدة وإن اختلفت أجناس أهله وأماكنهم، فهم يتشابهون في كفرهم وقولهم على الله بغير علم.
Эли, жери ар башка болсо дагы каапырлык бир агым. Алар каапырлыктарында жана илимсиздиктен Аллахка каршы айткан сөздөрүндө бири-бирине окшош.

• أعظم الناس جُرْمًا وأشدهم إثمًا من يصد عن سبيل الله، ويمنع من أراد فعل الخير.
Аллахтын жолунан тосуп, жакшылык кылууну каалагандарды тыюу – адамдардын ичинен эң чоң күнөөкөр.

• تنزّه الله تعالى عن الصاحبة والولد، فهو سبحانه لا يحتاج لخلقه.
Аллах таала аялы жана баласы бар болуудан аруу. Ал макулуктарга муктаж эмес.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close