Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah   Ayah:
وَمَثَلُ ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمۡوَٰلَهُمُ ٱبۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ ٱللَّهِ وَتَثۡبِيتٗا مِّنۡ أَنفُسِهِمۡ كَمَثَلِ جَنَّةِۭ بِرَبۡوَةٍ أَصَابَهَا وَابِلٞ فَـَٔاتَتۡ أُكُلَهَا ضِعۡفَيۡنِ فَإِن لَّمۡ يُصِبۡهَا وَابِلٞ فَطَلّٞۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ
Аллахтын ыраазылыгын көздөп жана Анын убадасы чындык экенине көңүлдөрү мажбурлоосуз тынч алган абалда мал-мүлктөрүн сарптаган ыймандуулар – бийик жана жакшы жердеги бакча сыяктуу. Ал жерге нөшөрлөп жамгыр жаап, эселеп мөмө-жемиштерди берет. Эгер ага жамгыр нөшөрлөп жаабастан, аз гана жаай турган болсо, ал жакшы жер бойдон кала берет. Ыкластуу адамдардын сарптаган мал-мүлктөрү да ушул сыяктуу, Аллах аны кабыл кылат жана сообунун аздыгына карабастан эселеп көбөйтөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Ага ыкластуулардын жана эл көрсүн үчүн кылгандардын абалы жашыруун эмес. Ал жакында ар бирине татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَيَوَدُّ أَحَدُكُمۡ أَن تَكُونَ لَهُۥ جَنَّةٞ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَابٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ لَهُۥ فِيهَا مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ وَأَصَابَهُ ٱلۡكِبَرُ وَلَهُۥ ذُرِّيَّةٞ ضُعَفَآءُ فَأَصَابَهَآ إِعۡصَارٞ فِيهِ نَارٞ فَٱحۡتَرَقَتۡۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَتَفَكَّرُونَ
Силерден кимдир бирөөнүн жүзүм жана курма багы бар дейли, анын ичинде таза суу агып турат жана мөмө-жемиштердин түр-түрлөрү бар. Анын ээси улгайып, жумуш кылганга жана акча тапканга жарабаган карыган чал болуп калды. Анын жумуш кылганга жарай элек алсыз жаш балдары бар. Анын карылыгы жана балдарынын алсыздыгы себептүү ал багына өтө муктаж болуп турган абалда ага катуу шамал келип, от тутанып, ал толугу менен күйүп кетишин кимиңер каалайт элеңер? Мал-мүлкүн элге көрүнүш үчүн сарптаган адамдын абалы да ушул кишиге окшош. Ал кыямат күнү жакшылыктарга өтө муктаж болуп турган убакта Аллахтын алдына эч бир жакшылыгы жок барат. Мына ушундай баяндоо аркылуу Аллах силерге дүйнөдө жана акыретте пайда келтире турган нерселерди түшүндүрөт. Балким ал тууралуу ой жүгүртөсүңөр.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنفِقُواْ مِن طَيِّبَٰتِ مَا كَسَبۡتُمۡ وَمِمَّآ أَخۡرَجۡنَا لَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِۖ وَلَا تَيَمَّمُواْ ٱلۡخَبِيثَ مِنۡهُ تُنفِقُونَ وَلَسۡتُم بِـَٔاخِذِيهِ إِلَّآ أَن تُغۡمِضُواْ فِيهِۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٌ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Иштеп тапкан таза жана адал мал-мүлктөн сарптагыла. Жана Биз силерге жерден чыгарып берген өсүмдүктөрдөн сарптагыла. Алардын жаманын берүүнү ниет кылбагыла, эгер силерге ошондоюн берсе алмак эмессиңер, алсаңар да көрмөксөнгө салып, аны жактырбайт болчуңар. Эми өзүңөргө ыраа көрбөгөн нерсени кантип Аллахка ыраа көрүп жатасыңар?! Билгиле, Аллах силердин бергениңерге Беймуктаж жана Ал Затында, иш-аракеттеринде мактоого татыктуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱلشَّيۡطَٰنُ يَعِدُكُمُ ٱلۡفَقۡرَ وَيَأۡمُرُكُم بِٱلۡفَحۡشَآءِۖ وَٱللَّهُ يَعِدُكُم مَّغۡفِرَةٗ مِّنۡهُ وَفَضۡلٗاۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٞ
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат, сараңдыкка үндөйт жана күнөө иштерди кылууга чакырат. Ал эми Аллах силерге күнөөлөрүңөр үчүн улуу кечиримди жана кенен ырыскыны убада кылат. Аллахтын айкөлдүгү кенен жана Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү.
Arabic explanations of the Qur’an:
يُؤۡتِي ٱلۡحِكۡمَةَ مَن يَشَآءُۚ وَمَن يُؤۡتَ ٱلۡحِكۡمَةَ فَقَدۡ أُوتِيَ خَيۡرٗا كَثِيرٗاۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّآ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ал пенделеринен кимге кааласа, сөздөгү жана иш-аракеттеги тууралыкты берет. Кимге мындай нерсе берилсе, ага чындап көптөгөн жакшылыктар берилиптир. Аллахтын нуру менен нурланган жана Анын туура жолуна түшкөн кемчиликсиз акыл ээлери гана Анын аяттарынан эскертме жана үлгү алышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• المؤمنون بالله تعالى حقًّا واثقون من وعد الله وثوابه، فهم ينفقون أموالهم ويبذلون بلا خوف ولا حزن ولا التفات إلى وساوس الشيطان كالتخويف بالفقر والحاجة.
Аллахтын убадасына жана сыйлыктарына ишенгендер – Ага чындап ыйман келтиргендер. Алар мал-мүлктөрүн эч коркпостон, кайгырбастан жана шайтандын кедейлик жана муктаждык сыяктуу азгырыктарына көңүл бурбастан сарпташат.

• الإخلاص من أعظم ما يبارك الأعمال ويُنمِّيها.
Ыкластуулук – иш-аракетке береке берип, аны көбөйткөн нерселерден.

• أعظم الناس خسارة من يرائي بعمله الناس؛ لأنه ليس له من ثواب على عمله إلا مدحهم وثناؤهم.
Иш-аракетти эл көрсүн үчүн кылган адам – эң чоң жоготууга учураган адам. Анткени ал кылган иш-аракеттеринин сообун албайт, болгону элден мактоо жана алкыш угат.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close