Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah   Ayah:
حَٰفِظُواْ عَلَى ٱلصَّلَوَٰتِ وَٱلصَّلَوٰةِ ٱلۡوُسۡطَىٰ وَقُومُواْ لِلَّهِ قَٰنِتِينَ
Намаздарды Аллах буйругандай толук аткаргыла, намаздардын арасынан ортоңку асыр намазына бекем болгула жана намазыңарда Аллахка моюн сунуу жана коркуу менен тургула.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِنۡ خِفۡتُمۡ فَرِجَالًا أَوۡ رُكۡبَانٗاۖ فَإِذَآ أَمِنتُمۡ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَمَا عَلَّمَكُم مَّا لَمۡ تَكُونُواْ تَعۡلَمُونَ
Эгерде силер душмандан же ушул сыяктуу нерселерден коркконуңар себептүү намазды талаптагыдай окуй албасаңар, анда аны жөө басып бараткан абалда же төө, ат ж.б. минген абалда же силерге мүмкүн болгон кандай абалда болсо да окугула. А эгер силерден коркунуч кетсе, анда Аллах силерге үйрөткөндөй Аны зикир кылгыла, ал эми алардын бири – Аллахты намазда толук жана талаптагыдай зикир кылуу. Ошондой эле Ал силерге нур жана туура жол тууралуу билбеген нерселериңерди үйрөткөнү үчүн Аны зикир кылгыла.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلَّذِينَ يُتَوَفَّوۡنَ مِنكُمۡ وَيَذَرُونَ أَزۡوَٰجٗا وَصِيَّةٗ لِّأَزۡوَٰجِهِم مَّتَٰعًا إِلَى ٱلۡحَوۡلِ غَيۡرَ إِخۡرَاجٖۚ فَإِنۡ خَرَجۡنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِي مَا فَعَلۡنَ فِيٓ أَنفُسِهِنَّ مِن مَّعۡرُوفٖۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Араңардан кимдир бирөө кайтыш болуп, артында аялдары калса, анда аларды бир жыл бою турак-жай менен камсыздоо жана аларды каржылоо тууралуу керээз калтырышсын. Мураскорлоруңар аларды аза-кайсынысына ортоктош болуп, маркумдун урматы үчүн кууп чыгышпасын. Эгер алар бир жыл бүтө электе өз эрки менен чыгып кетишсе, силерге күнөө эмес жана алар үчүн да жасанып, жыпар-жыт себингендери күнөө эмес. Аллах эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз башкаруусунда, шариятында жана тагдырында Даанышман. Куранды чечмелеген аалымдардын көпчүлүгү бул аяттын өкүмү Аллах тааланын: «Силердин араңардан аялдарын (жесир) калтырып, өлүп кеткендердин (аялдары) өз алдынча төрт ай, он күн (идда) күтүшөт» – деген сөзү менен жокко чыгарылган деген пикирде.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلِلۡمُطَلَّقَٰتِ مَتَٰعُۢ بِٱلۡمَعۡرُوفِۖ حَقًّا عَلَى ٱلۡمُتَّقِينَ
Талак берилген аялдарга, алардын талак себептүү сынган көңүлүн жубатуу үчүн күйөөнүн абалын эске алуу менен жакшылыкка ылайык аз болобу же көп болобу, алар үчүн кийим-кече, акча жана башка нерселерди пайдаланууга уруксат. Бул өкүм Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштоо менен Андан корккондордун мойнундагы анык милдет.
Arabic explanations of the Qur’an:
كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Оо, ыймандуулар! Жогоруда айтылган түшүндүрмө сыяктуу Аллах силерге Өзүнүн чектерин жана өкүмдөрүн камтыган аяттарын ачык баяндайт. Балким алардын үстүндө ой жүгүртүп жана иш жүзүндө аткарып, дүйнө жана акырет жакшылыктарына жетесиңер.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ خَرَجُواْ مِن دِيَٰرِهِمۡ وَهُمۡ أُلُوفٌ حَذَرَ ٱلۡمَوۡتِ فَقَالَ لَهُمُ ٱللَّهُ مُوتُواْ ثُمَّ أَحۡيَٰهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشۡكُرُونَ
Оо, пайгамбар! Кара тумоо же башка нерселер себептүү өлүм коркунучунан улам үй-жайларын таштап чыгып кеткен көп сандагы адамдардын кабары тууралуу билген жоксуңбу? Алар Исраил урпактарынан болгон бир топ. Аллах аларга: «Өлгүлө» – дегенде алар өлүштү. Кийин аларга бийлик Аллахтын гана колунда экенин жана алар өздөрүнө пайда да, зыян да келтире албастыгын түшүндүрүш үчүн аларды кайра тирилтти. Чындыгында Аллах адамдарга карата айкөлдүк жана берешендик ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү Анын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَٰتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ
Оо, ыймандуулар! Аллахтын динин колдоо жана сөзүн бийик көтөрүү максатта Анын душмандары менен согушкула. Билгиле, Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, ниеттериңерди жана иш-аракеттериңерди Билүүчү. Жакында силерге анын сыйлыгын же жазасын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
مَّن ذَا ٱلَّذِي يُقۡرِضُ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا فَيُضَٰعِفَهُۥ لَهُۥٓ أَضۡعَافٗا كَثِيرَةٗۚ وَٱللَّهُ يَقۡبِضُ وَيَبۡصُۜطُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Ким карыз берүүчүнүн ишин кылып, мал-мүлкү ага эселеп кайтыш үчүн аны Аллах жолунда жакшы ниет жана чын көңүлү менен сарптайт? Аллах ырыскыны, ден-соолукту жана башка нерселерди тар кылат жана Өз даанышмандыгы жана адилеттүүлүгү менен булардын баарын кенен кылат. Акыретте Анын Өзүнө гана кайтасыңар, анан Ал иш-аракеттериңерге жараша сыйлыгын же жазасын берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الحث على المحافظة على الصلاة وأدائها تامة الأركان والشروط، فإن شق عليه صلَّى على ما تيسر له من الحال.
Намазга бекем болууга жана анын парздары менен шарттарын толук аткарууга үндөө. Эгер ал үчүн кыйынчылык жаратса, ага мүмкүн болгон абалда окуй берет.

• رحمة الله تعالى بعباده ظاهرة، فقد بين لهم آياته أتم بيان للإفادة منها.
Аллах тааланын пенделерине болгон ырайымдуулугу ачык көрүнүп турат. Алар аяттарынан пайда алыш үчүн эң толук түрдө баяндаган.

• أن الله تعالى قد يبتلي بعض عباده فيضيِّق عليهم الرزق، ويبتلي آخرين بسعة الرزق، وله في ذلك الحكمة البالغة.
Аллах таала кээ бир пенделеринин ырыскысын азайтуу менен, кээ бирлеринин ырыскысын көбөйтүү менен сынайт. Мунун артында чоң данышман сыр бар.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close