Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah   Ayah:
وَإِذۡ يَرۡفَعُ إِبۡرَٰهِـۧمُ ٱلۡقَوَاعِدَ مِنَ ٱلۡبَيۡتِ وَإِسۡمَٰعِيلُ رَبَّنَا تَقَبَّلۡ مِنَّآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Ибрахим менен Исмаил Каабанын пайдубалын тургузуп жатып, жалынып-жалбаруу менен мындай дешти: «Раббибиз! Биздин иш-аракеттерибизди, анын ичинде ушул Үйдүн курулушун кабыл кыл. Чындыгында Сен биздин дубаларды кабыл кылуучусуң, ниеттерибизди жана иш-аракеттерибизди билүүчүсүң.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبَّنَا وَٱجۡعَلۡنَا مُسۡلِمَيۡنِ لَكَ وَمِن ذُرِّيَّتِنَآ أُمَّةٗ مُّسۡلِمَةٗ لَّكَ وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبۡ عَلَيۡنَآۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Раббибиз! Бизди Өзүңдүн буйругуңа моюн сунуучу, Сага баш ийүүчү кыл. Биз Сага эч кимди шерик кылбайбыз. Урпактарыбыздан Сага моюн сунуучу үммөттөрдү чыгар, Сага ибадат кылуу жолдорун бизге үйрөт жана Сага моюн сунууда кетирген кемчиликтерибизди жана күнөөлөрүбүздү кечир. Чындыгында Сен тообо кылган пенделериңдин тообосун кабыл кылуучусуң, аларга Ырайымдуусуң.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبَّنَا وَٱبۡعَثۡ فِيهِمۡ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ يَتۡلُواْ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتِكَ وَيُعَلِّمُهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَيُزَكِّيهِمۡۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Раббибиз! Аларга Исмаилдин урпактарынан бир пайгамбар жибер, ал аларга Сенин аяттарыңды окуп берсин жана аларга Куран менен сүннөттү үйрөтүп, аларды ширктен жана бузукулуктардан тазаласын. Чындыгында Сен үстөмдүк кылуучу Күчтүүсүң, иш-аракеттериңде жана өкүмдөрүңдө Даанышмансың.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَن يَرۡغَبُ عَن مِّلَّةِ إِبۡرَٰهِـۧمَ إِلَّا مَن سَفِهَ نَفۡسَهُۥۚ وَلَقَدِ ٱصۡطَفَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Наадандыгы жана акыйкаттын ордуна адашууну тандаган туура эмес аракети менен өзүнө зыян келтирген жана ага кордукту ыраа көргөн адамдар гана Ибрахимдин динин таштап, башка динге өтүп кетишет. Биз аны дүйнөдө пайгамбар жана дос (халил) кылып тандадык, ал эми акыретте болсо Аллахтын буйруктарын аткарып, эң жогорку даражаларга жеткен такыба адамдардан болот.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ قَالَ لَهُۥ رَبُّهُۥٓ أَسۡلِمۡۖ قَالَ أَسۡلَمۡتُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Аллах аны Исламга шашылганы үчүн тандап алды. Анткени Раббиси ага: «Мага ыкластуулук менен ибадат кыл жана баш ийүү менен Мага толук берил» – дегенде, ал Раббисине жооп кылып: «Мен пенделердин жаратуучусу, ырыскы берүүчүсү жана алардын иштерин башкаруучу Аллахка моюн сундум» – деп айтты.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَوَصَّىٰ بِهَآ إِبۡرَٰهِـۧمُ بَنِيهِ وَيَعۡقُوبُ يَٰبَنِيَّ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰ لَكُمُ ٱلدِّينَ فَلَا تَمُوتُنَّ إِلَّا وَأَنتُم مُّسۡلِمُونَ
Ибрахим уулдарына: «Мен ааламдардын Раббисине моюн сундум» – деген сөздү осуят кылды, Якуб дагы уулдарына ушуну осуят кылган. Экөөсү тең балдарын чакырып: «Аллах силерге Ислам динин тандады. Эми силер сыртыңардан да, ичиңерден да мусулман болгон абалда өлүм келгенге чейин аны бекем кармангыла» – деп айтышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ كُنتُمۡ شُهَدَآءَ إِذۡ حَضَرَ يَعۡقُوبَ ٱلۡمَوۡتُ إِذۡ قَالَ لِبَنِيهِ مَا تَعۡبُدُونَ مِنۢ بَعۡدِيۖ قَالُواْ نَعۡبُدُ إِلَٰهَكَ وَإِلَٰهَ ءَابَآئِكَ إِبۡرَٰهِـۧمَ وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَ إِلَٰهٗا وَٰحِدٗا وَنَحۡنُ لَهُۥ مُسۡلِمُونَ
Же силер Якубга өлүм келген кезде анын айтканына күбө болдуңарбы? Ал балдарынан: «Мен өлгөндөн кийин кимге сыйынасыңар?» – деп сурады. Алар анын суроосуна мындай дешти: «Биз сенин кудайың жана ата-бабаларың Ибрахим, Исмаил жана Исхактын кудайына сыйынабыз, жалгыз Ага моюн сунабыз жана ээрчийбиз».
Arabic explanations of the Qur’an:
تِلۡكَ أُمَّةٞ قَدۡ خَلَتۡۖ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَلَكُم مَّا كَسَبۡتُمۡۖ وَلَا تُسۡـَٔلُونَ عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Бул үммөттөр силерден мурунку өтүп кеткен коомдордон. Алар өздөрү кылган иш-аракеттерине жетишти, алардын кылган жакшылык-жамандык иштери өзүлөрү үчүн, ал эми силердин кылганыңар өзүңөр үчүн. Силер алардын иш-аракеттери үчүн жооп бербейсиңер, алар дагы силердин иш-аракеттериңер үчүн жооп беришпейт. Эч ким башканын күнөөсү үчүн жазаланбайт. Тескерисинче, ар бир адам кылганына жараша сыйлык алат. Ошондуктан силерди мурункулардын иш-аракеттери өзүңөрдүн иш-аракетиңерге кароодон алаксытып койбосун. Анткени адамга Аллахтын ырайымынан кийин анын жакшылык иштеринен башка эч нерсе пайда бербейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• المؤمن المتقي لا يغتر بأعماله الصالحة، بل يخاف أن ترد عليه، ولا تقبل منه، ولهذا يُكْثِرُ سؤالَ الله قَبولها.
Аллахтан корккон ыймандуу адам жакшылык иштери себептүү азгырылбайт, тескерисинче, алар кабыл кылынбай, өзүнө кайтарылбасын деп коркот. Ошон үчүн алардын кабыл болушун Аллахтан көп сурайт.

• بركة دعوة أبي الأنبياء إبراهيم عليه السلام، حيث أجاب الله دعاءه وجعل خاتم أنبيائه وأفضل رسله من أهل مكة.
Пайгамбарлардын атасы Ибрахимдин дубасынын берекеси. Анткени Аллах анын дубасын кабыл кылып, пайгамбарлардын акыркысын жана элчилердин эң жакшысын Мекке элинен кылды.

• دين إبراهيم عليه السلام هو الملة الحنيفية الموافقة للفطرة، لا يرغب عنها ولا يزهد فيها إلا الجاهل المخالف لفطرته.
Ибрахимдин дини – түпкү табиятка туура келген жалгыз кудайчылык дини. Андан табиятка каршы чыккан наадан адам гана баш тартат жана жактырбайт.

• مشروعية الوصية للذرية باتباع الهدى، وأخذ العهد عليهم بالتمسك بالحق والثبات عليه.
Урпактарга туура жолду тутунууну осуят кылуу жана алардан акыйкатты бекем карманып, ага бекем болуу тууралуу убада алуу шариятта уруксат.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Baqarah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close