Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd   Ayah:
أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ فَأۡتُواْ بِعَشۡرِ سُوَرٖ مِّثۡلِهِۦ مُفۡتَرَيَٰتٖ وَٱدۡعُواْ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Ал мушриктер: “Мухаммад Куранды өзү ойлоп тапкан. Ал Аллахтан түшкөн вахий эмес” – деп айтышабы? Эй, пайгамбар! Аларга чакырык таштап: “Курандагыдай чындыкты камтый албаган жана өзүңөр ойлоп тапкан Курандагы сүрөөлөргө окшош он сүрөөнү алып келгилечи. Куран ойлоп табылган деп айткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда жардамдашуу үчүн чакыра ала турган ишенгениңердин баарын чакыргыла.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَإِلَّمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَكُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَآ أُنزِلَ بِعِلۡمِ ٱللَّهِ وَأَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَهَلۡ أَنتُم مُّسۡلِمُونَ
Оо, ыймандуулар! Эгерде силер талап кылган нерсеге алардын күчү жетпей алып келе алышпаса, анда билип койгула, чындыгында Куранды Аллах элчисине Өз илими менен түшүргөн. Ойлоп табылган нерсе эмес. Билип койгула! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мына бул кескин түрдөгү далилдерден кийин силер Аллахка баш ийесиңерби?
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَن كَانَ يُرِيدُ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتَهَا نُوَفِّ إِلَيۡهِمۡ أَعۡمَٰلَهُمۡ فِيهَا وَهُمۡ فِيهَا لَا يُبۡخَسُونَ
Эгерде ким кылган иш-аракеттери менен бул дүйнөнү жана андагы убактылуу жыргалчылыктарды кааласа, анда кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын бул дүйнөдө эле берип коёбуз. Ден-соолук, амандык жана кенен ырыскы жагынан эч кам санабай жашашат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَيۡسَ لَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا ٱلنَّارُۖ وَحَبِطَ مَا صَنَعُواْ فِيهَا وَبَٰطِلٞ مَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Мындай жаман максаттарды койгон адамдар үчүн кыямат күнүндө эч кандай сыйлык болбойт. Алар тозокко гана киришет. Алардын кылган иш-аракеттеринин сыйлыгы болбойт. Анткени алардын иш-аракеттери туура эмес болгон, алар ыйман келтиришкен эмес жана туура максат коюшкан да эмес. Ошондой эле алар Аллахтын жүзүн жана акырет сыйлыгын каалашкан эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَفَمَن كَانَ عَلَىٰ بَيِّنَةٖ مِّن رَّبِّهِۦ وَيَتۡلُوهُ شَاهِدٞ مِّنۡهُ وَمِن قَبۡلِهِۦ كِتَٰبُ مُوسَىٰٓ إِمَامٗا وَرَحۡمَةًۚ أُوْلَٰٓئِكَ يُؤۡمِنُونَ بِهِۦۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِهِۦ مِنَ ٱلۡأَحۡزَابِ فَٱلنَّارُ مَوۡعِدُهُۥۚ فَلَا تَكُ فِي مِرۡيَةٖ مِّنۡهُۚ إِنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكَ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ
Мухаммад пайгамбарда Раббисинен ачык далил болгон жана Жебреил периште Раббисинен келген күбө болуп аны менен бирге жүргөн. Ошондой эле элдерге ырайым, үлгү болуп Муса пайгамбарга түшкөн Тоорат китеби анын пайгамбарлыгына күбө болгон. Андыктан аны менен адашууда бузулуп жүргөн каапырлар тең боло алышпайт. Жана каапырлар пайгамбардын жанында жүргөн ыймандуулар менен да тең боло алышпайт. Анткени ыймандуулар Куранга жана Мухаммадга ыйман келтиришет. Куранга жана пайгамбарга каапырчылык келтирген башка диндердеги адамдарга убада кылынган нерсе – ал кыямат күнүндөгү тозок. Эй, пайгамбар! Курандан жана аларга кылынган убададан шек-күмөндө болуп жүрбө. Ал шексиз акыйкат. Ачык далилдер жана даана билинген негиздер болсо да, көпчүлүк адамдар ыйман келтиришпейт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ يُعۡرَضُونَ عَلَىٰ رَبِّهِمۡ وَيَقُولُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ هَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ كَذَبُواْ عَلَىٰ رَبِّهِمۡۚ أَلَا لَعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллахта шериги же баласы бар деп Аллахтын атынан жалган сөздөрдү ойлоп тапкан адамдардан өткөн заалым адам жок. Аллахтын атынан жалган сөздөрдү ойлоп тапкан адамдар кыямат күнү Раббисинин алдында иш-аракеттери боюнча суралат. Аларга каршы элчилер жана периштелер мындай деп күбө болушат: “Мына ушулар Аллахтын шериги жана баласы бар дешип Аллахтын атынан жалган айткандар. Аллахтын атынан жалган сөздөрдү айтышып өздөрүнө өздөрү зулум кылган адамдарды Аллах ырыйымынан алыс кылсын”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ٱلَّذِينَ يَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ كَٰفِرُونَ
Аллахтын туура жолунан тоскондор жана туура жолдон тайып адашууга аракет кылгандар – алар өлүмдөн кийин кайра тирилүүгө каапыр болушат жана аны четке кагышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• تحدي الله تعالى للمشركين بالإتيان بعشر سور من مثل القرآن، وبيان عجزهم عن الإتيان بذلك.
Аллах таала Куранга окшош он сүрөө алып келүүгө мушриктерге чакырык таштады. Жана алар ал нерсени кылууга алсыз экендиктерин баяндады.

• إذا أُعْطِي الكافر مبتغاه من الدنيا فليس له في الآخرة إلّا النار.
Эгерде каапыр адамга бул дүйнөдө каалаган нерсеси берилсе, анда ага Акыретте тозок гана болот.

• عظم ظلم من يفتري على الله الكذب وعظم عقابه يوم القيامة.
Аллахтын атынан жалган сөздөрдү айткан адам чоң зулумдук кылды жана анын жазасы да кыямат күнү чоң болот.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara