Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd   Ayah:
إِن نَّقُولُ إِلَّا ٱعۡتَرَىٰكَ بَعۡضُ ءَالِهَتِنَا بِسُوٓءٖۗ قَالَ إِنِّيٓ أُشۡهِدُ ٱللَّهَ وَٱشۡهَدُوٓاْ أَنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تُشۡرِكُونَ
Биз: «Сен бизди кудайларыбызга сыйынуудан тыйганың үчүн сени кээ бир кудайларыбыз жинди кылып койду» – деп гана айтабыз. Худ айтты: «Мен Аллахты күбө кыламын жана силер да күбө болгула: Албетте мен силер сыйынган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынуудан алысмын. Ошондуктан мени жинди кылып койду деп силер ойлогон кудайларыңар да жана силер да мага айлакерлик кыла бергиле. Андан кийин менден мөөнөт сурабагыла.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مِن دُونِهِۦۖ فَكِيدُونِي جَمِيعٗا ثُمَّ لَا تُنظِرُونِ
Биз: «Сен бизди кудайларыбызга сыйынуудан тыйганың үчүн сени кээ бир кудайларыбыз жинди кылып койду» – деп гана айтабыз. Худ айтты: «Мен Аллахты күбө кыламын жана силер да күбө болгула: Албетте мен силер сыйынган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынуудан алысмын. Ошондуктан мени жинди кылып койду деп силер ойлогон кудайларыңар да жана силер да мага айлакерлик кыла бергиле. Андан кийин менден мөөнөт сурабагыла.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنِّي تَوَكَّلۡتُ عَلَى ٱللَّهِ رَبِّي وَرَبِّكُمۚ مَّا مِن دَآبَّةٍ إِلَّا هُوَ ءَاخِذُۢ بِنَاصِيَتِهَآۚ إِنَّ رَبِّي عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Чындыгында, мен жалгыз Аллахка тобокел кыламын жана бардык иштеримде Ага гана таянам. Анткени Ал менин Раббим жана силердин да Раббиңер. Жер бетинде кандай гана басып жүргөн нерсе болбосун Аллахтын падышалыгынын жана башкаруусунун астында моюн сунушат. Аллах аларды каалагандай башкарат. Албетте менин Раббим акыйкат жолунда жана адилеттүү. Ошондуктан Аллах силерди мага эч качан үстөмдүк кылдырбайт. Анткенеи мен акыйкат жолундамын, а силер туура эмес багыттасыңар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقَدۡ أَبۡلَغۡتُكُم مَّآ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦٓ إِلَيۡكُمۡۚ وَيَسۡتَخۡلِفُ رَبِّي قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ وَلَا تَضُرُّونَهُۥ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ رَبِّي عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٍ حَفِيظٞ
Эгер мен алып келген нерседен жүз буруп каршы чыксаңар да силерге жеткирүү мага милдет. Аллах мага жиберген, жеткирүүгө буйруган бардык нерселерди мен силерге жеткирдим. Албетте силерге каршы күбө болуучу далил турду. Жакында силерди Раббим кыйратып жок кылат. Жана силердин ордуңарга силерден башка элди келтирип коёт. Силер Аллахты жалганга чыгарууңар менен жана Ага каршы чыгууңар менен чоң да кичине да зыян жеткире албайсыңар. Анткени Ал өз пенделерине муктаж эмес. Чындыгында, Раббим бардык нерсени көзөмөлдөөчү. Ошондуктан Ал мени амалкөйлүгүңөр менен кылган жамандыктардан сактайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَمَّا جَآءَ أَمۡرُنَا نَجَّيۡنَا هُودٗا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ بِرَحۡمَةٖ مِّنَّا وَنَجَّيۡنَٰهُم مِّنۡ عَذَابٍ غَلِيظٖ
Аларды кыйратуу үчүн буйругубуз келгенде Худ жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Биз тараптан жеткен ырайымдуулук менен аман калтырдык. Жана Биз анын каапыр коомун азаптаган катуу азаптан аларды сактадык.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَتِلۡكَ عَادٞۖ جَحَدُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ وَعَصَوۡاْ رُسُلَهُۥ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَمۡرَ كُلِّ جَبَّارٍ عَنِيدٖ
Ал Аад коому өз Раббисинин аят-белгилерин четке кагып пайгамбары Худка да каршы чыгышты. Анткени алар ар бир акыйкатты кабыл алуудан текеберленген жана чектен ашып аны кабыл кылбагандардын буйругуна баш ийишти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَأُتۡبِعُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا لَعۡنَةٗ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ أَلَآ إِنَّ عَادٗا كَفَرُواْ رَبَّهُمۡۗ أَلَا بُعۡدٗا لِّعَادٖ قَوۡمِ هُودٖ
Аларды бул дүйнөдө кордук ээрчиди жана алар Аллахтын ырайымынан куулушту. Ошондой эле кыямат күнүндө дагы алар Аллахтын ырайымынан алыс болушат. Бул нерселердин баары алар Аллах таалага каапыр болушкандыгы себебинен болду. Аллах аларды бардык жакшылыктан алыстатып, аларга бардык жамандыкты жакындатты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
۞ وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ هُوَ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَٱسۡتَعۡمَرَكُمۡ فِيهَا فَٱسۡتَغۡفِرُوهُ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِۚ إِنَّ رَبِّي قَرِيبٞ مُّجِيبٞ
Самуд коомуна алардын бир тууганы Салихти Пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, элим! Жалгыз Аллахка гана сыйынгыла. Силер үчүн Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ал Аллах түпкү атаңар Адамды жердин топурагынан жаратуу менен силерди да жаратты. Жана силерди анда жашоочулардан кылды. Ошондуктан силер Андан кечирим сурагыла да андан кийин ибадаттарды аткарып, күнөөлөрдү таштап Ага кайткыла. Чындыгында, Раббим чын ыкластан ибадат кылгандарга жакын жана Ал дуба кылгандардын дубасын кабыл кылат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ يَٰصَٰلِحُ قَدۡ كُنتَ فِينَا مَرۡجُوّٗا قَبۡلَ هَٰذَآۖ أَتَنۡهَىٰنَآ أَن نَّعۡبُدَ مَا يَعۡبُدُ ءَابَآؤُنَا وَإِنَّنَا لَفِي شَكّٖ مِّمَّا تَدۡعُونَآ إِلَيۡهِ مُرِيبٖ
Ага эли айтты: «Эй, Салих! Сен биздин арабызда бул динге чакырууга чейин ордуң бийик абройлуу элең. Биз чындап эле насаатчы, кеңешчи, акылдуу болууңду үмүт кылган элек. Эй, Салих! Сен биздин ата-бабаларыбыз сыйынган нерсеге сыйынуудан тыясыңбы? Чынында, биз жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакырып жаткан нерсеңе шектенебиз. Ал нерсе сени Аллахка жалган нерсени айтып жатат деп күнөөлөгөнүбүзгөтүрткү болуп жатат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من وسائل المشركين في التنفير من الرسل الاتهام بخفة العقل والجنون.
• Мушриктер пайгамбарларды алар акылсыз, жинди деп элдерден жийиркентишип куру жалаа жабышат.

• ضعف المشركين في كيدهم وعدائهم، فهم خاضعون لله مقهورون تحت أمره وسلطانه.
• Мушриктердин амалкөйлүктөрү жана душмандыктары алсыз. Алар Аллахка баш ийишип Анын буйругун жана падышчылыгын астында аргасыз турашат.

• أدلة الربوبية من الخلق والإنشاء مقتضية لتوحيد الألوهية وترك ما سوى الله.
Жаратуучу жана жоктон бар кылуучу болгон Аллахтын Раббилик сыпаттарын далилдери жалгыз Аллахка сыйынуу башкача айткан Аллахтан башкаларды таштап Ага гана ибадат кылууну талап кылат.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara