Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd   Ayah:
قَالَ يَٰنُوحُ إِنَّهُۥ لَيۡسَ مِنۡ أَهۡلِكَۖ إِنَّهُۥ عَمَلٌ غَيۡرُ صَٰلِحٖۖ فَلَا تَسۡـَٔلۡنِ مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٌۖ إِنِّيٓ أَعِظُكَ أَن تَكُونَ مِنَ ٱلۡجَٰهِلِينَ
Аллах Нух пайгамбарга мындай деп айтты: “Эй, Нух! Чындыгында сен Менден сактоо боюнча сураган балаң – аны сактаймын деп убада кылган үй-бүлөңдөн эмес. Анткени ал каапыр. Чындыгында бул сураганың сага ылайыксыз иш. Сендей орунда болгон адамга мындай кылуу туура келбейт. Андыктан өзүңдө бир нерсе туурасында илим болбой туруп аны Менден сураба. Сен Менин илимиме жана даанышмандыгыма туура келбеген нерсени сурап коюп кайдыгер адамдардан болуп калууңдан Мен сени эскертемин.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ رَبِّ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِكَ أَنۡ أَسۡـَٔلَكَ مَا لَيۡسَ لِي بِهِۦ عِلۡمٞۖ وَإِلَّا تَغۡفِرۡ لِي وَتَرۡحَمۡنِيٓ أَكُن مِّنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Нух пайгамбар айтты: “Оо, Раббим! Чындыгында менде бир нерсе туурасында илим жок туруп Сенден сурагандан Өзүң менен сактанам жана Сени менен коргоном. Эгерде менин күнөөмдү кечирбесең жана ырайымыңа албасаң, анда мен акыретте сооптордон куру калып зыянга учурагандардан болуп каламын”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قِيلَ يَٰنُوحُ ٱهۡبِطۡ بِسَلَٰمٖ مِّنَّا وَبَرَكَٰتٍ عَلَيۡكَ وَعَلَىٰٓ أُمَمٖ مِّمَّن مَّعَكَۚ وَأُمَمٞ سَنُمَتِّعُهُمۡ ثُمَّ يَمَسُّهُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Аллах Нух пайгамбарга айтты: «Оо, Нух! Тынчтык, амандык менен жана Аллахтан сага берилген көптөгөн жакшылыктар менен кемеден жерге түш. Ал жакшылыктар сени менен кемеде бирге болгон адамдардын сенден кийин келе турган ыймандуу урпактарына да берилген. Ал жакта алардын урпактарынан болгон башка коомдор бар. Алар каапырлар. Биз аларга бул дүйнөдө жыргалчылыктарды беребиз жана аларга жашоо ырыскыларын да беребиз. Андан кийин аларга Биз тараптан акыретте оорутуучу азап жетет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
تِلۡكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهَآ إِلَيۡكَۖ مَا كُنتَ تَعۡلَمُهَآ أَنتَ وَلَا قَوۡمُكَ مِن قَبۡلِ هَٰذَاۖ فَٱصۡبِرۡۖ إِنَّ ٱلۡعَٰقِبَةَ لِلۡمُتَّقِينَ
Бул Нух пайгамбардын окуясы кайып кабарлардан. Оо, Мухаммад! Бул вахийди Биз сага кабар кылганга чейин сен да, сенин коомуң да билген эмес. Андыктан сени коомуң жалганга чыгарып жана сага жеткирген зыяндарына Нух пайгамбар сабыр кылгандай сабыр кыл. Чындыгында, жеңишке жана үстөмдүк кылууга Аллахтын буйруктарына моюн сунган жана Анын тыйган нерселеринен тыйылган адамдар гана жетишет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمۡ هُودٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۖ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا مُفۡتَرُونَ
Биз Аад коомуна алардын бир тууганы Худ пайгамбарды жибердик. Ал аларга: «Оо, элим! Жалгыз Аллахка гана сыйынгыла жана Аны менен бирге эч кимди шерик кылбагыла. Силерге Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Силер Анын шериги бар деген ырастооңордо анык жалганчысыңар». – деп айтты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰقَوۡمِ لَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ أَجۡرًاۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَى ٱلَّذِي فَطَرَنِيٓۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Оо, элим! Мен силерге Раббим тараптан келген нерсени жеткиргениме жана ага чакырганыма силерден сооп-сыйлыктарды сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды мени жараткан Аллах гана берет. Ошол нерсеге акыл жүргүзбөйсүңөрбү?! Силер, мен чакырган нерсени кабыл аласыңарбы?!
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَيَٰقَوۡمِ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِ يُرۡسِلِ ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡكُم مِّدۡرَارٗا وَيَزِدۡكُمۡ قُوَّةً إِلَىٰ قُوَّتِكُمۡ وَلَا تَتَوَلَّوۡاْ مُجۡرِمِينَ
Оо, элим! Аллахтан кечирим сурагыла, андан соң Ага эң чоң күнөө болгон ширк күнөөңөргө тообо кылгыла. Мына ошондо Аллах силерге нөшөрлөгөн жамгыр берет. Ал силерге мал-мүлк жана урпактарды көбөйтүү менен күчүңөргө күч кошот. Мен чакырган нерсеге каршы чыкпагыла. Себеби менин чакырыгыма каршылык кылуу менен, Аллахка капыр болууңар менен жана мен алып келген нерселерди жалганга чыгарууңар менен күнөөкөрлөрдөн болуп каласыңар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ يَٰهُودُ مَا جِئۡتَنَا بِبَيِّنَةٖ وَمَا نَحۡنُ بِتَارِكِيٓ ءَالِهَتِنَا عَن قَوۡلِكَ وَمَا نَحۡنُ لَكَ بِمُؤۡمِنِينَ
Анын эли айтты: «Оо, Худ! Сен бизди ишендире тургандай ачык далил алып келбедиң. Сенин далилсиз сөзүң себептүү биз кудайларыбызга сыйынууну таштабайбыз. Чындыгында, сен өзүңдү пайгамбар деп ырастап жаткан нерсеге биз сага ыйман келтирүүчүлөрдөн да эмеспиз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• لا يملك الأنبياء الشفاعة لمن كفر بالله حتى لو كانوا أبناءهم.
• Пайгамбарлар Аллахка каапыр болгондорго, жада калса өздөрүнүн балдарына да шапаат кыла алышпайт.

• عفة الداعية وتنزهه عما في أيدي الناس أقرب للقبول منه.
• Даават кылган адам адамдардын колундагы нерселерден өзүн өзү токтотуусу жана айыптардан таза болуусу анын айткан дааватынын кабыл болуусуна жакын болот.

• فضل الاستغفار والتوبة، وأنهما سبب إنزال المطر وزيادة الذرية والأموال.
• Күнөөлөр үчүн кечирим суроо жана тообо кылуунун артыкчылыгы. Албетте ал экөөсү нөшөрлөгөн жамгырдын жаашына, урпактардын көбөйүүсүнө жана мал-мүлктүн көбөйүүсүнө себеп болот.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara