Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: واقعه   آیت:
ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ
Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер.
عربي تفسیرونه:
لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٖ مِّن زَقُّومٖ
Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер.
عربي تفسیرونه:
فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ
Ач курсагыңарды ошол ачуу дарак менен толтурасыңар.
عربي تفسیرونه:
فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ
Анын артынан кайнаган ысык суу ичесиңер.
عربي تفسیرونه:
فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ
Төө акактап ооруган себептүү сууну көп ичкендей, силер дагы аны көп ичесиңер».
عربي تفسیرونه:
هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ
Бул айтылган ачуу тамак жана ысык суу – аларды жаза күнү тосуп алганда көрсөтүлүүчү сый-урмат.
عربي تفسیرونه:
نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ
Эй, жалганчылар! Биз силерди жоктон жараттык. Эми силерди өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилтебиз дегенге эмнеге ишенбей жатасыңар?
عربي تفسیرونه:
أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ
Оо, адамдар! Силер аялдарыңардын жатынына таштаган уруктукту көрбөйсүңөрбү?
عربي تفسیرونه:
ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ
Ал уруктукту силер жаратасыңарбы же Биз жаратабызбы?
عربي تفسیرونه:
نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ
Биз силердин араңарда өлүмдү белгилеп койгонбуз. Ар бириңердин ажалыңар бар, ал алдыга да, артка да жылдырылбайт. Биз алсыз эмеспиз.
عربي تفسیرونه:
عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Биз силерди өзүңөргө белгилүү болгондой жаратылышыңарды жана келбетиңерди өзгөртүп, силерди өзүңөр билбегендей жаратылышта жана келбетте жаратабыз.
عربي تفسیرونه:
وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ
Биз силерди абалкы жолу жаратканыбызды билдиңер. Силерди абалкы жолу жараткан Аллах, силерди өлгөндөн кийин кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү экендигин ойлонбойсуңарбы жана билбейсиңерби?
عربي تفسیرونه:
أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ
Силер жерге сепкен үрөөндү көрбөйсүңөрбү?
عربي تفسیرونه:
ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ
Ал үрөөндү силер өстүрөсүңөрбү же Биз өстүрөбүзбү?
عربي تفسیرونه:
لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمٗا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ
Эгерде Биз ал үрөөндү тыпынга айлантууну кааласак, анда аны бышайын деп калганда тыпынга айлантып коймокпуз. Ошондон кийин силер анын эмне болгонуна таң калмаксыңар.
عربي تفسیرونه:
إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ
Силер айтасыңар: «Биз сарптаган нерсебизден зыянга учурап азап тарттык.
عربي تفسیرونه:
بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ
Атүгүл ырыскыдан да куру калдык».
عربي تفسیرونه:
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ
Силер суусаганда ичкен сууну көрбөйсүңөрбү?
عربي تفسیرونه:
ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ
Силер аны асмандагы булуттардан түшүрөсүңөрбү же Биз түшүрөбүзбү?
عربي تفسیرونه:
لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجٗا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ
Эгерде Биз ал сууну ичкенге жана сугарганга жарабай тургандай өтө туздуу кылууну каалаганыбызда, анда Биз аны өтө туздуу кылып коймокпуз. Силерге ырайым кылып таза сууну түшүргөн Аллахка шүгүр кылбайсыңарбы?
عربي تفسیرونه:
أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ
Силер пайдалануу үчүн жагып жаткан отту көрбөйсүңөрбү?
عربي تفسیرونه:
ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ
Отту тутанткан даракты силер жараттыңарбы же аны силерге ырайым кылып Биз жараттыкпы?
عربي تفسیرونه:
نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةٗ وَمَتَٰعٗا لِّلۡمُقۡوِينَ
Биз бул отту силерге акырет отун эстетүү үчүн жана силердеги мусапырлар пайдаланыш үчүн кылдык.
عربي تفسیرونه:
فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, пайгамбар! Улуу Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула!
عربي تفسیرونه:
۞ فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ
Аллах жылдыздардын жайгашкан орундары менен ант берди.
عربي تفسیرونه:
وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٞ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ
Эгер билсеңер, бул орундар менен ант берүү өтө улук. Анткени анда эсепсиз аят-белгилер жана үлгү-насааттар бар.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• دلالة الخلق الأول على سهولة البعث ظاهرة.
Абалкы жаратуунун кайра тирилүүгө карата далил болушу ачык-айкын.

• إنزال الماء وإنبات الأرض والنار التي ينتفع بها الناس نعم تقتضي من الناس شكرها لله، فالله قادر على سلبها متى شاء.
Суунун түшүүсү, жерде өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана адамдар пайдаланган от – алардан Аллахка шүгүр кылууну талап кылган жакшылыктардан. Аллах аны каалаган убакта алып коюуга кудуреттүү.

• الاعتقاد بأن للكواكب أثرًا في نزول المطر كُفْرٌ، وهو من عادات الجاهلية.
Жамгырдын жаашына жылдыздар таасир берет дегендей ишенимде болуу каапырлык жана ал караңгы доордун адаттарынан.

 
د معناګانو ژباړه سورت: واقعه
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول