Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: واقعه   آیت:
إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ
Оо, адамдар! Силерге окулуп жаткан Куран – ыйык Куран. Анткени анда көптөгөн пайдалар бар.
عربي تفسیرونه:
فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ
Ал адамдардын көзүнөн жашырылган китеп болгон Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз).
عربي تفسیرونه:
لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ
Аны күнөөдөн жана айып-кемчиликтерден таза периштелер гана кармашат.
عربي تفسیرونه:
تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ал макулуктардын Раббиси тараптан пайгамбарга түшүрүлгөн.
عربي تفسیرونه:
أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ
Эй, мушриктер! Силер бул сөзгө ишенбей, жалганга чыгарып жатасыңарбы?
عربي تفسیرونه:
وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ
Силер Аллахтын ырыскы кылган жакшылыктарына шүгүр кылуунун ордуна Аны жалганга чыгарасыңарбы жана жамгырдын жаашын жылдызга байланыштырып: «Баланча жылдыз же түкүнчө жылдыз себептүү бизге жамгыр жаады» – дейсиңерби?
عربي تفسیرونه:
فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ
Жан кекиртекке жеткенде.
عربي تفسیرونه:
وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ
Ошол учурда силер алдыңардагы жаны чыгып жаткан адамды карап турасыңар.
عربي تفسیرونه:
وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ
Биз ал өлүккө илимибиз, кудуретибиз жана периштелерибиз менен силерден да жакынбыз. Бирок силер ал периштелерди көрбөйсүңөр.
عربي تفسیرونه:
فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ
Эгерде силер ойлогондой, кылган иш-аракеттериңердин жазасын алуу үчүн кайра тирилбегениңерде.
عربي تفسیرونه:
تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Өлүгүңөрдөн чыгып жаткан жанды кайтаргылачы, эгер чынчыл болсоңор?! Силер муну кыла албайсыңар.
عربي تفسیرونه:
فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ
Эгерде өлүк жакшылыктарга карай алдыңкылардан болсо.
عربي تفسیرونه:
فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ
Ага мындан кийин чарчоо болбогон ырахат, таза ырыскы, ырайымдуулук болот жана ал үчүн көңүлү каалагандай ырахаттарга бата турган бейиш бар.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар.
عربي تفسیرونه:
فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ
Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар.
عربي تفسیرونه:
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ
Эгерде өлүк пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандардан, туура жолдон адашкандардан болсо,
عربي تفسیرونه:
فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ
Аны тосуп алгандагы сый тамагы – өтө ысык суу болот.
عربي تفسیرونه:
وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ
Ал тозок отуна күйөт.
عربي تفسیرونه:
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ
Оо, пайгамбар! Биз сага айтып берген бул нерселер шек-күмөнсүз акыйкат.
عربي تفسیرونه:
فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ
Андыктан Улуу Раббиңдин ысымын улукта жана Аны айып-кемчиликтерден аруула.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• شدة سكرات الموت وعجز الإنسان عن دفعها.
Өлүм алдындагы жан алекетке түшүүнүн оордугу жана адамдын андан кутула албастыгы.

• الأصل أن البشر لا يرون الملائكة إلا إن أراد الله لحكمة.
Негизинде адамзат периштелерди көрбөйт. Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандыкты кааласа көрөт.

• أسماء الله (الأول، الآخر، الظاهر، الباطن) تقتضي تعظيم الله ومراقبته في الأعمال الظاهرة والباطنة.
Аллахтын «Абалкы», «Акыркы», «Жогорку», «Жакын» деген ысымдары Аллахты улуктоону, сырткы жана ички иш-аракеттерди көзөмөлдөөнү талап кылат.

 
د معناګانو ژباړه سورت: واقعه
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول