Check out the new design

د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. * - د ژباړو فهرست (لړلیک)


د معناګانو ژباړه سورت: واقعه   آیت:

Вакиъа

د سورت د مقصدونو څخه:
بيان أحوال العباد يوم المعاد.
Кыямат күндөгү пенделердин абалы баяндалган

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ
Кыямат анык келген кезде.
عربي تفسیرونه:
لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ
Аны дүйнөдө жалганга чыгарган сыяктуу жалганга чыгара тургандай эч бир жан болбойт.
عربي تفسیرونه:
خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ
Ал бузуку каапырларды тозокко киргизип басынтат, такыба ыймандууларды бейишке киргизип көтөрөт.
عربي تفسیرونه:
إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا
Жер катуу титиреген кезде.
عربي تفسیرونه:
وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا
Тоолор бытырап талкаланат.
عربي تفسیرونه:
فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا
Алар талкалангандан улам бырыксып жайылган чаңга айланат.
عربي تفسیرونه:
وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ
Силер ал күндө үч топко бөлүнөсүңөр.
عربي تفسیرونه:
فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ
Амал китептерин оң тараптан алган оң тарап ээлери. Алардын даражасы кандай бийик жана улук!
عربي تفسیرونه:
وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ
Амал китептерин сол тараптан алган сол тарап ээлери. Алардын даражасы кандай жаман жана төмөн!
عربي تفسیرونه:
وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ
Дүйнөдө жакшылыктарды кылууда алдыңкы болгондор, алар акыретте да бейишке кирүүдө алдыңкы болушат.
عربي تفسیرونه:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ
Алар Аллахка жакын адамдар.
عربي تفسیرونه:
فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Алар жыргалчылык бейиштеринде түрдүү жылгалчылыктар менен ырахаттанышат.
عربي تفسیرونه:
ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алар бул үммөттөн жана мурунку коомдордон болгон жамааттар.
عربي تفسیرونه:
وَقَلِيلٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ
Алардын азыраагы акыр заман адамдары. Алар алдыңкы Аллахка жакын адамдар.
عربي تفسیرونه:
عَلَىٰ سُرُرٖ مَّوۡضُونَةٖ
Алар алтын менен токулган сөрүлөрдө.
عربي تفسیرونه:
مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ
Алар ошол сөрүлөргө жөлөнүп, бири-бирине артын салбастан, бет маңдай олтурушат.
عربي تفسیرونه:
په دې مخ کې د ایتونو د فایدو څخه:
• دوام تذكر نعم الله وآياته سبحانه موجب لتعظيم الله وحسن طاعته.
Аллахтын жакшылыктарын жана аят-белгилерин дайым эстеп туруу – Аллахты улуктоого жана Ага жакшы деңгээлде моюн сунууга себеп болот.

• انقطاع تكذيب الكفار بمعاينة مشاهد القيامة.
Кыяматтагы абалдарды көрүү менен каапырлардын жалганга чыгаруусу токтойт.

• تفاوت درجات أهل الجنة بتفاوت أعمالهم.
Бейиш адамдарынын даражасындагы айырмачылык, алардын иш-аракетиндеги айырмачылыктарына жараша болот.

 
د معناګانو ژباړه سورت: واقعه
د سورتونو فهرست (لړلیک) د مخ نمبر
 
د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قرغیزي ژبې ته د المختصر في تفسیر القرآن الکریم ژباړه. - د ژباړو فهرست (لړلیک)

د مرکز تفسیر للدراسات القرآنیة لخوا خپور شوی.

بندول